Жатын рагын алдын алуу үчүн Бишкекте бир айлык жарыяланды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүДарыгердин текшерүүсү. Архив.
Дарыгердин текшерүүсү. Архив. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
Жатын моюнчасынын рагы менен 15-44 жаштагы кыз-келиндер көп жабыркайт.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жатын рагын алдын алуу үчүн Бишкекте бир айлык жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ордо калаада аялдардын жатын моюнчасынын рагын жоюу, ооруну алдын алуу боюнча жыйын өтүп, ага саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери, дарыгерлер жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышкан.
Бир айлыктын алкагында жасалуучу иштер:
15 жашка чейинки кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өткөрүү;
35 жаштагы аялдардын 70тей пайызын скринингден өткөрүп, ооруну эрте аныктоо;
Мындай текшерүүнү 45 жашында кайталап жүргүзүү;
Дарт аныкталгандарды көзөмөлгө алып, эрте дарылап баштоо.
Маалым болгондой, жатын моюнчасынын рагы менен 15-44 жаштагы кыз-келиндердин басымдуусу жабыркайт.
Медиктер аталган дартты алдын алуу үчүн папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өтүү керектигин айтып, эртерээк текшерилип коюуну сунушташкан.
Бир айлык 17-ноябрдан 12-декабрга чейин болот.
Улуттук госпиталда жаңы МРТде иштеген адис - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Бишкекте МРТдан бекер өткөргөн акцияга жазылуу эмнеге токтотулду. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0