Путин: ЖККУ аскердик-саясий маселелер боюнча позициясын аныктады

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРФ лидери Владимир Путин ЖККУнун Минскидеги саммитинде
РФ лидери Владимир Путин ЖККУнун Минскидеги саммитинде  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Жазылуу
РФ президенти башка эл аралык ири уюмдар менен алака-катыш, өз ара кызматташып иш алып баруу туурасында да кеп козгогон.
БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. ЖККУга мүчө мамлекеттер саясий жана аскердик-стратегиялык актуалдуу маселелерде, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги курч көйгөйлөр боюнча позицияларын ыкчам түрдө аныктап алышты. Мындан тышкары, ШКУ жана КМШ менен байланыштарын өнүктүрүү маселеси каралганын РФ лидери Владимир Путин ЖККУнун Минскидеги саммитинде айтты.

"ЖККУга мүчө мамлекеттер ТИМдердин, Коргонуу министрликтеринин, Коопсуздук кеңештеринин, парламенттердин багыттары боюнча майнаптуу өз ара кызматташуудан улам саясий жана аскердик-стратегиялык актуалдуу маселелерде, аймактык жана эл аралык күн тартибиндеги курч көйгөйлөрдө позицияларын ыкчам түрдө аныктап алышты", — деген Путин ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинде сүйлөп жатып.

Ал башка эл аралык ири уюмдар менен алака-катыш, өз ара кызматташып иш алып баруу туурасында да кеп козгогон.
"Быйыл ЖККУнун биздин башка өнөктөштөр менен алакасы өнүккөнү мааниге ээ, мен Шанхай Кызматташтык Уюму менен Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин айтып жатам", — деп кошумчалады Путин.
Ал ЖККУнун жамааттык ыкчам жайгаштыруу, тез арада аракетке келүүчү, авиациялык жана тынчтыкты сактоо күчтөрүн жакшыртуу боюнча жасалып жаткан биргелешкен аракеттерин өзгөчө белгиледи.
"Күжүрмөн даярдыкты сактоо, башкаруу системасын жакшыртуу жана аскер кызматкерлеринин даярдыгын жогорулатуу боюнча бир катар иш-чаралар өткөрүлдү", — деп кошумчалаган Россия лидери.
Кыргызстан менен Тажикстандын желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча прогрессин кубаттайт
Жаңылыктар түрмөгү
0