Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетов: Россиядан келген үрөндөн 80 центнерге чейин түшүм алган учурлар болду

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо департаментинин директору Бакыт Мамбетов дыйкандарды сапаттуу үрөн менен камсыздоо аракети тууралуу айтып берди.
Россиядан келген үрөндөн 80 центнерге чейин түшүм алынды. Натыйжада дыйкандарды сертификатталган үрөн менен камсыздоо кыйла жакшырды. Бул тууралуу Бакыт Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамбетов: Россиядан келген үрөндөн 80 центнерге чейин түшүм алган учурлар болду
Анын айтымында, алып келинген үрөндү дыйкандар жеңилдетилген насыя түрүндө жана накталай акчага алган.
"2021-жылы кургакчылыктан улам сугат суу жетишсиз болуп, натыйжада айыл чарба өсүмдүктөрүнүн тартыштыгы болду. Ошондуктан 2022-жылы Россиядан 14 101 тонна кылкандуу дан эгиндердин жана өсүмдүктөрдүн үрөнү алып келинген. Ошол буудай, арпа, сафлор, күн карама, соя, буурчак, беде жана башка үрөндөр себилип, түшүмдүүлүк 80 центнерге чейин жеткен учурлар кездешти. Натыйжада 2023-жылы дыйкандарды сертификатталган үрөн менен камсыздоо күздүк арпаныкы 51 пайыз, жаздык арпаныкы 71 пайыз, күздүк буудайдыкы 45 пайыз, жаздык буудайдыкы 51 пайызга чейин жетти. Бул көрсөткүч мурдагы жылдарда 15 пайыздан ашчу эмес. Башкача айтканда, сапаттуу үрөн менен камсыздоону кыйла жакшыртууга мүмкүндүк түзүлдү. Учурда өлкөдө 96 үрөн чарбасы бар. Ошолор менен иш план түзүлдү. Анын алкагында сапаттуу үрөн камдалып, аны дыйкандарга 30 пайыз дотация менен берүү уланат", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал Россия, Казакстан, Беларустан үрөн алып келинип сыналып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0