800 млн. доллар. Ысык-Көлгө салынчу күн электр станциясы тууралуу

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖумушчу күн электр станциясында күн батареяларын текшерип жатат. Архив
Жумушчу күн электр станциясында күн батареяларын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Жазылуу
Документке ылайык, инвестициянын көлөмү 800 миллион доллар болуп, 500дөн ашык жумуш орду түзүлөт.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылына 1000 мегаватт күн электр станциясын куруу боюнча консорциум компаниялары менен келишимдин акыркы шарттарын макулдашты. Бул тууралуу министрлер кабинети маалымдады.
Президенттин ушул жылдын май айында Кытайдын Сиань шаарына болгон иш сапарынын алкагында бул инвестициялык долбоор боюнча макулдашуунун алдын ала шарттарына кол коюлган.
"Андан бери тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп, көп иштер жасалды. Анын артынан Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылына кубаттуулугу 1 ГВт болгон күн электр станциясын куруу үчүн ири инвестордун келип жатканы бизди абдан кубандырат" , — деген Жапаров.
Маалыматта алар China Power International Development Limited (CPID) жана China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G) консорциум компаниялары экени айтылды.
Ошондой эле инвестициялык макулдашууну бекитүү боюнча мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандан кийин министрлер кабинети тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынарын кошумчалаган.
"Жолугушуунун соңунда тараптар инвестициялык келишимге, эл аралык макулдашууну даярдоого катышкан тараптар алдын ала кол коюшуп, иштелип чыккан текстти ыйгарым укуктуу тараптар жактырган. Ал документке ылайык, инвестициянын көлөмү 800 миллион доллар болуп, 500дөн ашык жумуш орду түзүлөт. Тору-Айгыр айылынан Кемин көмөк чордонуна чейин 80 чакырымдык 500 кВт жогорку чыңалуудагы электр линиясы тартылат" , — деп айтылат маалыматта.
Күн электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2023
Кеминде күн электр станциясын курууга 124 гектар жер бөлүндү
Жаңылыктар түрмөгү
0