Кыргызстандык ырчы Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунда экинчи орунду ээледи

© Фото / предоставлено пресс-службой телеканала "Россия 1"Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунда экинчи орунду ээледи
Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев Россиянын Ну-ка, все вместе! музыкалык долбоорунда экинчи орунду ээледи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Жазылуу
Кыргызстандык Бек Исраилов менен Азат Раимбердиев долбоордун финалына чыккан эле.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык ырчы Азат Раимбердиев Россиянын "Ну-ка, все вместе!" музыкалык долбоорунда экинчи орунду ээледи. Бул тууралуу “Россия” телеканалынын маалымат кызматы билдиргенин РИА Новости жазды.
Биринчи орунду душанбелик Фаррух Хасанов, үчүнчүнү москвалык Софико Кардава жеңип алды.
“Ар бир этапта эмоциянын деңгээли жогорулап жатып, финалда туу чокусуна жетти. Эмоция жагынан процесс сонун болду! Жашоонун даамын таттым. Долбоор өзүмө болгон ишеним менен жакшы тажрыйба берди”, — деген Раимбердиев.
Долбоордо 64 ырчы 100 калыстын сынынан өттү. Калыстар тобунун жетекчиси Сергей Лазарев жана көрсөтүүнүн алып баруучусу Николай Басков ырчы-конкурсанттарга, калыстарга жана көрүүчүлөргө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришкен.
Бул долбоордун бешинчи сезону. Анын баш байгеси — 5 миллион рубль.
Кыргыз ырчылары Россиянын Ну-ка, все вместе! долбоорунун финалына чыгышты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2023
Кыргыз ырчылары Россиянын "Ну-ка, все вместе!" долбоорунун финалына чыгышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0