Россияда шилекейдин анализи аркылуу жүрөк кемтигин аныктай башташты

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүЛабораториядагы окумуштуу иш учурунда. Архив
Лабораториядагы окумуштуу иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Жазылуу
Окумуштуулар сынамык түрдө иштеп чыккан сенсор менен шилекейди текшерип көрүшкөн. Анда аппарат жүрөк кемтиги бар экенин билдирген NT-proBNP белгисин он мүнөткө жетпей аныктаган.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Россиялык окумуштуулар сербиялык кесиптештери менен биргеликте жүрөк кемтигин шилекейден алынган анализ аркылуу аныктаган жабдууну иштеп чыгышты. Бул тууралуу Россия илимий фонду билдиргенин РИА Новости жазды.
Жүрөк кемтигинен кабар берген белгилердин бири — NT-proBNP белогу, ал адам өзүнө катуу күч келтиргенде миокард клеткаларына көп өлчөмдө бөлүнүп чыгып, канга активдүү аралашат. Бул белокту текшерүү клиникалык тажрыйбада демейде кан аркылуу жүргүзүлчү. Бирок анализге кан алуу айрым бейтаптар үчүн көйгөй жаратышы мүмкүн, мисалы, ал интенсивдүү терапия палатасында болсо көп кан жоготушу ыктымал.
"Бул белгини шилекей анализи аркылуу да аныктоого болот. Бирок NT-proBNP концентрациясы адамдын канына караганда шилекейинде миң эсе төмөн. Демек, анын так санын билүү үчүн өтө сезгич шаймандар керек. Москва улуттук изилдөө университетинин окумуштуулары менен Сербиянын изилдөөлөр жана биосистемаларда маалыматтык технологияларды иштеп чыгуу институтунун окумуштуулары графендин негизинде өтө сезгич сенсорду иштеп чыгышкан", — деп жазылат маалыматта.
Алар сынамык түрдө бул сенсордо шилекейди текшерип көрүшкөн. Анда аппарат NT-proBNP белгисин он мүнөткө жетпей аныктаган. Мындай анализ кан аркылуу алынганда 45 мүнөттөй убакыттан кийин гана жыйынтыгы белгилүү болот. Эмгектин авторлору бул жабдууну тез жардам көрсөтүүчү бөлүмдөрдө бейтаптын абалынын начарлашын узартпай аныктоо үчүн колдонсо болорун билдиришкен.
Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун Вирустарды көзөмөлдөө илимий-практикалык борборунун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Радио
Кыргызстан Россия менен биргеликте калктын 9 ооруга каршы иммунитетин изилдөөдө
Жаңылыктар түрмөгү
0