Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ашимов: UFC уюмунда чемпион болуу максатыма бет алдым

© Sputnik / Асылбек БактыбековКыргызстандык ММАбоюнча спортчу Адилет Ашимов
Кыргызстандык ММАбоюнча спортчу Адилет Ашимов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Жазылуу
Кыргызстандык ММАбоюнча спортчу Адилет Ашимов спорттук жетишкендиктин негизин интеллект, дисциплина түзөрүн айтты.
Дүйнөгө белгилүү UFC уюмунда чемпион болуу максатым бар. Учурда Москвада машыгып, күчтүү спортчулар менен даярдык көрүп жатканын Адилет Ашимов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ашимов: UFC уюмунда чемпион болуу максатыма бет алдым
Анын айтымында, жиу-житсу боюнча дүйнө биринчилигин жеңип, Кыргызстанды таанытуу кыялы бар.
"Спорттук карьерамды Баткендин Сүлүктү шаарында баштагам. Апам дзюдо менен машыккан. Ал жакта футбол, грек-рим күрөшү, волейбол, баскетбол боюнча залдар болгондуктан дзюдого баруу мүмкүн эмес эле. Башында күрөштө жүрүп, кийин ММА спортунда күчүмдү сынап, карьерамды ушул багытта улантышым керек деп билгем. Бизде абдан таланттуу ММА мушкерлери бар. Анын баары эң беделдүү уюмдарда күч сынашып, өлкөнү тааныткысы келет. Дүйнөгө таанымал UFC уюмунда чемпион болуу максатым бар. Учурда Москвада машыгып, күчтүү спортчулар менен бирге даярдык көрүп жатам. Мүмкүнчүлүктү колдонуп, сөзсүз жеңүүчү курун Кыргызстанга алып келүүгө аракет жасайм, — деди Ашимов.
Ошондой эле спортчу ММА спортунда дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээлеп, күчтүү мектеп кура аларын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0