Американын айласын кетире турган жандыктар. Окумуштуулардын эскертүүсү

© AP Photo / Robert F. BukatyАКШдагы жапайы камандар. Архив
АКШдагы жапайы камандар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Жазылуу
Камандардын эгин талаасынан тарта дарактарды жок кылып, сууну булгап, “адамдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирери” айтылат.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. АКШнын түндүк штаттары Канададан чыккан “чыдамдуу чочколордун” “чабуулуна” капталуу коркунучунда турат. Бул туурадуу Associated Press басылмасы жазганын РИА Новости билдирди.
"Канада аймагында жок кылуу кыйын болгон "чадамдуу чочколор" көбөйүп, чек аранын түштүк тарабына жайылып кетүү ыктымалдыгын жаратып, түйшөлдүрүүдө. Миннесота, Түндүк Дакота жана Монтана сыяктуу түндүк штаттар чочкорлорду каптатпоо боюнча алдын алган чараларды көрүп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Саскачеван университетинин профессору Райан Брук басылмага берген комментарийинде камандарга планетадагы эң инвазивдүү (биологиялык ар түрдүүлүккө коркунуч туудурган, жок кылууга кыйын болгон биологиялык түр) жаныбар деп атаган. Анын айтымында, алардын жайылышы дүйнөлүк экологиялык көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн.
2023-жылдын башында Guardian басылмасы "чыдамдуу чочколордун" АКШны түйшүккө сала турганын жазып, материал жарыялаган. Америкалык адис Майкл Марлоу гезитке берген маегинде жапайы чочколордун айлана-чөйрөгө эбегейсиз зыян келтирерин эскерткен. Эгин талаасынан тарта бак-дарактарды тамырынан бери челип, талкалап жок кылып, сууну булгап, “адамдардын ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирерин” айткан.
Биотехнологиялар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.11.2023
Кыргызстан биотехнологияны фармацевтикада колдонуп чоң киреше таба алмак. Маек
Жаңылыктар түрмөгү
0