Ипотекалык үйлөр качан бүтөт? Садыр Жапаров курулушту күтүүсүз текшерип барды

© Фото / Аскат АлагозовПрезидент Садыр Жапаров Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерип барды
Президент Садыр Жапаров Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерип барды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкекте мамлекеттик ипотекага бериле турган үйлөрдүн курулушун текшерип барды. Бул туурасында маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Өлкө башчыга көп кабаттуу үйлөрдүн 11и толук бүтүп, келерки жылдын сентябрында колдонууга тапшырыла турганын айтышкан. Анын ар бири 18 кабаттуу болуп, 986 батир жайгашат.
Жалпысынан бул аймакта 39 көп кабаттуу турак жай курулуп, жарандарга жеңилдетилген шартта берилери пландалууда.
Жапаров курулуп жаткан үйдөрдүн сапатына өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгилеген.
Батирдин ачкычы. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.11.2023
Жүздөгөн батири ипотека менен элге берилет. Ташиев Көлбаевдин мүлкү жөнүндө
Жаңылыктар түрмөгү
0