Атамдан бир да жолу мактоо сөз уккан жокмун. Мирлан Абдыкалыковдун маеги

© Фото / из личного архива Актана Арым КубатаКР эл артисти, Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамынын ээси, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат жана залкар инсандын уулу, режиссёр Мирлан Абдыкалыков. Архивдик сүрөт
КР эл артисти, Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамынын ээси, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубат жана залкар инсандын уулу, режиссёр Мирлан Абдыкалыков. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
"Бешкемпир", "Маймыл", "Селкинчек", "Свет аке" өңдүү бир катар фильмдерин тартып, эл аралык сыйлыктардын ээси болгон кинорежиссёр Актан Арым Кубатты тааныбаган кыргыз жок. 66 жаштагы таланттуу инсан ушу тапта да чыгармачылык изденүүдө.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде КР эл артисти, Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамынын ээси, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубаттын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу баарлаштык. Мейманда залкар инсандын уулу, режиссёр Мирлан Абдыкалыков болду.
© SputnikКинорежиссёр Актан Арым Кубат
Режиссёр Мирлан Абдыкалыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Кинорежиссёр Актан Арым Кубат
— Алгач атаңыздын Чүй өрөөнүндө өткөн балалык чагы тууралуу кепти баштасак...
— Атам Сокулук районунун Күн-Туу айылында өскөн. Азыр да ошол жерде жашайт. "Селкинчек", "Бешкемпир", "Маймыл" тасмалары өзүнүн өмүр баяны боюнча тартылган. Башынан өткөн окуялары чагылдырылган. "Бешкемпир" тасмасы асыранды бала жөнүндө. Атамды Күн-Туу айылындагы таякеси баккан, өзү коңшу айылда төрөлөт. Кызыл эт кезинде эле асырап алышкандыктан күнтуулукпуз деп калганбыз. Азыр эки жак менен тең катышабыз. Ал эми атам Абдыкалыковдордун үйүндө төрөлгөн. Ал жакта Акылбек Абдыкалыков аттуу белгилүү агасы бар. Бирок мен Кубаталы чоң атамдын үйүндө төрөлүп, чоң атам менен бирге кой кайтарып чоңойдум. Атамды айылдагылар кичинесинде абдан шок бала болчу дешет. Атамдын мугалими кийин мени да окутту. Мугалимибиз "сен парталарды аралап өткөндө жөн гана кыймылдаса, Актан өткөндө баары кулачу" деп экөөбүздүн шоктугубузду салыштырат. Негизи башында атам деле Абдыкалыков деп катталчу. Анан "Маймыл" тасмасын тарткандан кийин өзгөртүп алды. Арым — өзүнүн биологиялык атасы болсо, Кубат — багып алган атасы.
— Кандайча сүрөтчүлүктү тандап алган экен?
— Атам мектепти бүткөндөн кийин айылдагы вино чыгаруучу заводдо бир жылдай жүк ташыгыч болуп иштеп калат. Союз убагында Германияда кызмат өтөйт. Армиядан келип эки жолу ВГИКке тапшырып өтпөйт. Анан Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт училищесинде билим алып, бир жылдай Гапар Айтиевдин өнөрканасында да окуган. Атам билими боюнча мугалим, көркөм сүрөттөн жана чийүүдөн сабак бермек. Бирок окууну бүткөндөн кийин кандайдыр бир мүмкүнчүлүктүн аркасы менен "Кыргызфильмге" келип сүрөтчү, декоратор, ассистент болот. Геннадий Базаровго сүрөтчү-коюучу болгондон тарта көркөм иш процессинде болуп, режиссёрлукка аябай кызыга баштайт. Алгач Төлөмүш Океевдин киностудиясында чоң колхоз тууралуу тасма тартышкан. Жакшы чыккан. Атамдын режиссёрлук билими да жок. Раматылык Эркин Рыспаев менен биргелешип режиссёрлук кылып, иттер жөнүндө тасмасы, "Остановка" деген кыска метраждуу фильми чыккан. Атамдын жолун "Селкинчек" тасмасы ачты. Аны менен чоң-чоң фестивалдарда баш байгелерди алган соң кийинки фильмдери да дүйнөнү дүңгүрөттү.
© Sputnik / Александр ФедоровМирлан Абдыкалыков: атамдын режиссёрлук билими да жок. Раматылык Эркин Рыспаев менен биргелешип режиссёрлук кылып, иттер жөнүндө тасмасы, "Остановка" деген кыска метраждуу фильми чыккан. Атамдын жолун "Селкинчек" тасмасы ачты.
Кинорежиссер и сценарист Актан Арым Кубат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Мирлан Абдыкалыков: атамдын режиссёрлук билими да жок. Раматылык Эркин Рыспаев менен биргелешип режиссёрлук кылып, иттер жөнүндө тасмасы, "Остановка" деген кыска метраждуу фильми чыккан. Атамдын жолун "Селкинчек" тасмасы ачты.
— Соңку учурларда эмне менен алек?
— Негизи атам ар тараптуу инсан. Быйыл "Эсимде" аттуу тасмасын бүтүрүп, элге жарыялады. Азыр ар кандай кинофестивалдарга, көрсөтмөлөргө катышып жүрөт. Учурда күз мезгили эмеспи. Андыктан атам бул учурда бактан түшкөн жалбырактарды тазалап, короону карап, үй чарбачылыгы менен алек. Чыгармачылык эргүүнү атам ошол ата конушунан алат. Күн-Туу атама эле эмес, баарыбыздын уябыз болуп калды. Өзү жаратылышка абдан жакын. Огороддо чакан алма багыбыз бар. Короонун баарын иретке келтирип, көркүн чыгарып турат. Атам сүрөтчү болгондуктан баарын орду-орду менен коюп, бактарды да кыркып, сугарып, иретке келтиргенди жактырат. Чакан кинотеатр салып, өзүнчө устакана да куруп койгон. Ар кайсы мамлекетте өткөн фестивалдан утуп келген буюмдары, кинодон калган кийимдери аздан чогула берчү. Анан бир убакта "Мирлан, музей эмес, көрсөтмө жайын ачууну ойлоп жатам. Кандай дейсиң?" деп калды. Мен колдодум. Жашаган үйдөгү буюмдарды кичине үйгө чыгардык. Көргөзмөдө сүрөттөрү, кинодон келген фотосүрөттөрү, байгелери да абдан көп. Бул кишиге белгилүү залкар адамдар көп келип турат. "Кыргызфильмдеги" буюмдарыбызды алып кеттик. Кийинчерээк тасмаларыбызга байланышкан заттарды издей баштадык. "Селкинчек" фильмине тартылган ракушкасы бар болчу. Ар бир кинонун өз буюму болот. "Бешкемпир" фильминдеги велосипедди, эски кинопроектилерди таптык. Азыр "Маймыл" тасмасындагы мотоциклди издеп жатабыз. Ушул мотоциклди алып келип бергендерге сүйүнчүбүз болот. Атам кийин "Свет аке" деген тасмада башкы каарманды ойноп, өзү үчүн да, биз үчүн да актёрлук чеберчилигин көрсөтүп таң калтырды. Кийин "Кентавр" фильмин тартып, анда да эпизоддук роль аткарды. Ушул көргөзмө залына келгендердин баарына өзү көрсөтүп, ар бир тасманын тарыхын айтып берет. Апам болсо тамакты абдан даамдуу жасайт. Келген кишилердин баарын куттуу үйдөн кур чыгарбай, чайын же тамагын берип турат.
© Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики КРКР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшыруу аземинде
Кинорежиссер Актан Арым Кубат удостоен звания кавалера Ордена искусств и литературы Франции - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
КР эл артисти, белгилүү кинорежиссёр Актан Арым Кубатка Франциянын искусство жана адабият орденинин кавалери наамы тапшыруу аземинде
— Атаңыздын сүрөтчү экенин айттыңыз. Бизге кайсы бир деңгээлде философ сезилет...
— Биз эми ата-бала катары мамилебиз башка да. Кээде тамашалап "колдо бар алтындын баркын билбейсиңер" деп калат. Мен атам менен беш жашымдан бери кинодомун. Экөөбүз кино тартсак да, кайда барсак да жоро-жолдоштой болуп калдык. Ооба, атамды сыйлайм, кылып жаткан иштерин баалайм, эч качан өйдө карап сүйлөбөйм. Башкаларга атам сүрдүү элес калтырышы мүмкүн. Чыгармачылыкта абдан так жүргөн, айтканынан кайтпаган киши. Ата катары эмес, режиссёр катары айтсам, мындай кишилер чанда чыгат го деп ойлойм. Бул киши тасмаларына, үй-бүлөсүнө көп нерсе жасады. Бардык ийгиликке философиялык мамиле жасоо менен өзү жетти.
— Чыгармачылыкта режиссёр катары сырдашасыздарбы?
— Албетте. Абдан сыйлайм деген себебим, жумушта бул киши турганда сүйлөчү да эмесмин. Кээде аңчылыкка, сейилдөөгө чыгып калабыз. Жөө басып баратып ар кандай темаларда сүйлөшөбүз. Атамдан кеңеш сурайм. Акыркы тасмаларымда продюсер, көркөм жетекчи да болуп калды. Негизи менин агайым десем жаңылышпайм. Атам кино тартуу талаасында талапты катуу коё билген адам болгону менен ачык, ар биринин оюн баалайт. Атамдан көп режиссёрлор келип кеңеш сурап, кээде каржылык жардам алышат. Бирок эч кимиси бул тууралуу айтпайт. Алардын баалабаганына таарынып каласың. Атам экөөбүз жумушта кесиптеш болгондуктан анын мага берген кеңешин, колдоосун баалайм. Экөөбүз үйдөгү болуп жаткан иштерди ишке аралаштырбайбыз.
© Фото / кадр из фильма "Эсимде"/ Эркин БолжуровМирлан Абдыкалыков: атамдан кеңеш сурайм. Акыркы тасмаларымда продюсер, көркөм жетекчи да болуп калды. Негизи менин агайым десем жаңылышпайм.
Фильм Эсимде режиссера Актана Арым Кубата  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Мирлан Абдыкалыков: атамдан кеңеш сурайм. Акыркы тасмаларымда продюсер, көркөм жетекчи да болуп калды. Негизи менин агайым десем жаңылышпайм.
— Атактуу кишини сөз ээрчийт, режиссёрлор командировкаларга көп кетишет. Апаңыз тарабынан кызгануу, түшүнбөстүк болгонбу?
— Алар жаш кезинде мен бала болуп көп маани берген жокмун. Бирок аял киши болгондон кийин сөзсүз кызганса керек. Кино тартуу абдан оор, күн-түн дебей жүрөсүң. Апам абдан акылдуу, баарын туура түшүнгөн адам. Күйөөсү командировкага көп кетип үй иштери, балдардын тарбиясы, баары апамдын мойнунда эле. Жолдошунун карьерасы жүрүп турган учурда ар кандай сөздөр айтылса керек, бирок апам баарына чыдады. Бизге билгизбей, "кой, атаңар жумушта жүрөт, минтип оокат кылып туралы" деп шык берип турчу. Үч бир тууганбыз. Эжем, карындашым бар.
— Агай иш процессин кандайча бөлүштүрөт? Тасмаларга идеяны кайдан алат?
— "Маймыл", "Бешкемпир" тасмаларында мен өспүрүм болуп, көп маани берген жокмун. "Свет аке" фильминен баштап аралашып калдым. Бул киши идеяларды эл арасынан алат. Свет аке — кошунабыз монтёр Кеки байкенин образы. Образ табылгандан кийин ошонун айлана-тегерегин жарата баштайт. Жан дүйнөсүнө таасир берген темаларын ага кошуп кетет. Башкача айтканда, өркүндөтүп отуруп бир бутактан бак жасап алат. Ага аябай көп убакыт керек. Короодогу иштерин жасап жүрүп ойлорун айлап-жылдап бышырат. Бир ирет колдорун көргөзүп "энергияны мобу жерден алам" деген сөзү бар. Сценарийлери жок дегенде эле он жолудан жазылып чыгат. Баарын өзүнүн жүрөгүнөн өткөрөт.
© Фото / кадр из фильма "Эсимде"/ Эркин БолжуровМирлан Абдыкалыков: бир ирет колдорун көргөзүп "энергияны мобу жерден алам" деген сөзү бар. Сценарийлери жок дегенде эле он жолудан жазылып чыгат. Баарын өзүнүн жүрөгүнөн өткөрөт.
Фильм Эсимде режиссера Актана Арым Кубата  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Мирлан Абдыкалыков: бир ирет колдорун көргөзүп "энергияны мобу жерден алам" деген сөзү бар. Сценарийлери жок дегенде эле он жолудан жазылып чыгат. Баарын өзүнүн жүрөгүнөн өткөрөт.
— Сизге мунун баары жоопкерчилик артпайбы?
— Башкаларды билбейм, бирок мен чоң ата, чоң энемдин колунда өскөндүктөн сый-урмат жасоону абдан жакшы билем. Мындан ары да атамды сыйлап өтөм. Ушундай кишинин уулу болуп туруп аны уят кылуу өтө чекилик иш. Анын үстүнө экөөбүз бир тармакта иштейбиз. Бир нерсе жасаарда атамды ойлойм. Анткени ошол киши көрөт, сындайт. Албетте, ар кандай сөздөрдү айтып сындайт, анын баарын кабыл алып, көтөрөм.
— Коомчулукта атаңыздын дарегине да бир катар сындар айтылууда. Анын баарын кандай кабылдайсыз?
— Сынды көтөрө билүү убакыт менен келет экен. Жаш кезде курчсуң. Атамдын дарегине айтылган сындарды укканда тыбырчылап, ачууланып кетчүмүн. Туура сын абдан жакшы жардам берет. Сынды кабыл алганыңа жараша таасири тиет тура. Жаман кабыл алсаң ачуу менен чыгып кетет. Ал эми туура кабыл алсаң пайдасы тиет. Өзгөчө "Свет аке" фильми тартылгандан кийин өтө көп сөздөр болду. Ар ким өз оюн айтат экен. Чыгармачылыкты каалагандай сындай беришсин. Бирок эч качан жекеликке өтпөш керек.
1990-жылдары кино эмес, акча табуу да кыйын болду. Көп режиссёрлор тагдырга таарынып, баарын таштап салды. Бирок атам кол жайып отуруп калган жок. Ошол кезде деле көп кишиге жардам берген. Кино тартып, анын жарыгы кесиптештерине тийди. Азыр Францияда "Бешкемпир" киносу аркылуу мастер-класс өтүп, сабак беришет экен. 2000-жылдары "Маймыл" фильми тартылган соң бир топ жыл чыгармачылыгы токтоп калды. Ал кезде кыйынчылык жетер жерине жетип, киностудияга барсаң жаан үстүнөн шорголоп, астына чакалар төшөлүп турчу эле.
© Фото / кадр из фильма "Эсимде"/ Эркин БолжуровМирлан Абдыкалыков: азыр атам изденүүнүн үстүндө жүрөт. Бул киши өзүнүн көңүлүндөгү темасын тапмайынча жүрө берет.
Фильм Эсимде режиссера Актана Арым Кубата  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Мирлан Абдыкалыков: азыр атам изденүүнүн үстүндө жүрөт. Бул киши өзүнүн көңүлүндөгү темасын тапмайынча жүрө берет.
— Мындан ары да тасма жаратуу оюнда барбы?
— Адам канчага чыкса да жүрөк жаш дешет го, анысы кандай, бир да чыгармачыл адамдан "болду, айтарымды айтып бүттүм" дегенин уга элекмин. Изденүү менен байланышкан гана тыным болуп калышы мүмкүн. Азыр атам изденүүнүн үстүндө жүрөт. Бул киши өзүнүн көңүлүндөгү темасын тапмайынча жүрө берет.
— Атаңыздан эмне алдыңыз?
— Мен кино тартуу өнөрүн алдым го деп ойлойм. Кыздарга караганда эркек бала атага жакын болот экен. Бир тармакта иштеп тарбиясын көбүрөөк алдым. Эл менен мамиле курууну, кандай сүйлөш керектигин үйрөндүм. Эжем менен карындашым да билимдүү. Ата-энебиз биз үчүн көп күчүн жумшады. Эжем университеттин кадрлар бөлүмүндө, карындашым соода жаатында эмгектенет. Кичинемде "койчуман болом" деп айта берчүмүн. Бирок мен чоң атамдан калган таасир менен койчу болууну кыялдангам. Ал киши менен кой кайтарып жүргөндө апам кефир, тамак алып келип берчү, анан экөөбүз отуруп тамактанып алар элек. Атама кээ бирлер "балаң азамат, өз алдынча экен" десе, айрымдар "космонавт же ушундай жакшы кесиптерди үйрөтүп койбойсуңбу" дечү.
Атам кыздарга жумшак мамиле кылды. Неберелерин абдан эркелетет. Бирок мени ушуга чейин бир мактап көргөн эмес.
Кыргыз адабиятында “романдардын атасы” аталган Түгөлбай Сыдыкбеков уулусу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
"Калемдин кулу болгум келбейт..." Мээнеткеч жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун бейнеси
Жаңылыктар түрмөгү
0