Ымыркайды канча жолу жуунтуу керек? Педиатрдын кеңеши

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүСууда баласы менен эне. Архив
Сууда баласы менен эне. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Жаңы төрөлгөн баланы күнүнө канча ирет жуунтуу керек, сууга көп сала берүү зыян эмеспи? Бул суроолорго педиатр Антон Равдин Sputnik радиосундагы маегинде жооп берди.
Анын айтымында, ымыркайды күнүнө бир жолу жылуу сууга жуунтуп коюу жетиштүү. Бул – жалаякты булгап койгон учурларынан сырткаркы чайкантуу.
“Бирок өзүнүн атайын жуунта турган дагарасына суу толтуруп алып киринтүүнүн кажети жок. Болгону колго жакшылап, коопсуз кылып кармап, бир жолу чайкап алган жетиштүү”, — деген дарыгер.
Ал наристени чайкантып жатканда анын мойнун, колтук жана такымын, жамбашын сөзсүз түрдө жакшылап жууш керектигин эскерткен.
Градусник кармаган бала. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2023
Иммунолог баланы грипптен кантип сактоонун жолдорун айтып берди
Жаңылыктар түрмөгү
0