Кыргызстанда оор кырдаалга кабылган 186 бала фостердик үй-бүлөлөргө берилген

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүҮй-бүлө. Архивдик сүрөт
Үй-бүлө. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Атайын окуудан өткөн 30дан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Кыргызстандагы фостердик үй-бүлөлөр тууралуу маалымат берди.
Билдирмеге караганда, Фостер институту 2014-жылы 10 баладан турган беш үй-бүлөдөн башталган. Бүгүнкү күндө өлкөдө 98 фостердик үй-бүлөдө 186 бала тарбияланууда. Бул үй-бүлөлөрдү жана балдарды каржылоого быйыл 48 миллион сом бөлүнгөн.
Мындай үй-бүлөлөр турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды убактылуу карап беришет. Атайын окуудан өткөн 30дан 65 жашка чейинки жарандар бакма ата-эне боло алышат. Мамлекет аларга ар бир бала үчүн жашоо минимумунан бир жарым эсе көп каражат чегерет.
Министр Гүлнара Баатырова Аламүдүн районундагы фостердик үй-бүлө көрсөткөн кызматтын сапатын текшерип барган. Алардын жашоо шарты менен таанышып, балдар жана ата-энелер менен баарлашканы айтылды.
Үй-бүлө паркта сейилдеп жүрүшөт. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2023
Бишкекте фостердик үй-бүлө ачууну каалагандар кайда кайрылса болот? Телефондор
Жаңылыктар түрмөгү
0