Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы 9 айда 86,1 млн. сом киреше тапты

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков"Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев келген эс алуучулардын саны кескин өскөндүгүнө байланыштуу киреше жогорулаганын айтты.
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркы ушул жылдын тогуз айында 86 миллион 132 миң сом киреше көрдү. 2021-жылы 40,7 миллион сомду түзсө, 2022-жылы 50,6 миллион сом пайда киргенин Эркин Тыныев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
"Ала-Арча" улуттук жаратылыш паркы 9 айда 86,1 млн. сом киреше тапты
Анын айтымында, быйылкы киреше көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 170 пайызга жогору болду.

"2022-жылы жайында президенттин колдоосу менен Ала-Арча паркында 12 чакырым унаа жолу салынып, эс алуучуларга жакшы шарт түзүлдү. Ал эми быйыл Президенттин иш башкармалыгынын демилгеси менен Ала-Арчада жайгашкан Карагай-Булак участогунда 24 даана А-фрейм коттедждери курулуп, учурда конокторду кабыл алып, парктын кирешеси кыйла көбөйө баштады. Негизи бул жылы жаратылыш койнунда эс алуучулардын саны өсүп, киреше да жогорулады. Алсак, парк ушул жылдын тогуз айында 86 миллион 132 миң сом киреше көрдү. Ал эми 2021-жылы 40,7 миллион сом болсо, 2022-жылы 50,6 миллион сом пайда тапкан. Быйылкы киреше көрсөткүчү өткөн жылга салыштырмалуу 170 пайызга жогору болду", — деди Тыныев.

Ошондой эле адис Ала-Арчада эс алуучулардын эсине коопсуздукту сактоого, жаратылышка аяр мамиле кылууга, таштанды ыргытпоого үндөгөн маалыматтык такталар орнотулуп жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0