"Ойгонолучу!" Францияда Россия боюнча күтүүсүз сунуш айтылды

© Sputnik / Наталья СеливерстоваМосковский Кремль. В центре: Большой Кремлевский дворец. Архивное фото
Московский Кремль. В центре: Большой Кремлевский дворец. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Bild гезити атын атагысы келбеген аткаминерге таянып Вашингтон менен Берлин Украинаны Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого көндүрмөй болуп жатканын жазган.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Батыш НАТО жетегинен баш тартып, Россия менен мамилесин калыбына келтирүүнү башташы керек. Бул тууралуу Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо X тармагы аркылуу айтып чыкканын РИА Новости жазды.
"НАТОнун калпына ишенгенди токтотуп, ойгонолучу! Россия менен сүйлөшүүнү баштайлы, Зеленскийди (Украина президенти — ред.) унутуп, тынчтыктын орношуна салым кошолучу!" — деп кайрылган саясатчы.
Ал АКШ менен Германия Россия рыногуна болушунча эртерээк кайтууну самап жатканын белгилеген.
Ушул жумада Bild гезити атын атагысы келбеген аткаминерге таянып Вашингтон менен Берлин Украинаны Россия менен сүйлөшүүлөрдү баштоого көндүрмөй болуп жатканын жазып чыкты. Басылманын маектеши белгилегендей, эгер бул демилге ишке ашпай кала турган болсо, эки мамлекеттин дагы бир планы бар, ал деле ушундай жыйынтыкты көздөйт. Мында азыркы белгиленген чек араны сактоо менен жаңжалды токтотуп, бирок эч кандай документке кол коюлбай турганы каралган.
Эскерте кетсек, Россия диалогго даяр экенин билдирип келет, бирок украин бийлиги буга мыйзам чегинде тыюу салып койгон. РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, Москва чыр-чатакты сүйлөшүү жолу менен чечүүгө эч убакта каршы болгон эмес, болгону өлкөнүн коопсуздугуна кепилдик болушу шарт.
Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Украина Россия менен эпке келүүгө даяр болуп келгенин, ал тургай сунуштарын кат түрүндө да жолдоп, Москва аны жактырганын билдирген. Бирок АКШнын кысымы менен Киев кайра артка кеткен.
Украина президенти Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Пентагон башчысынын экс-кеңешчиси: НАТО Зеленскийдин отставкасын каалоодо
Жаңылыктар түрмөгү
0