Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

ММКФ жаӊы программасында ЕАЭБ жарандарына жеӊилдиктер каралды

© Sputnik / Асель СыдыковаМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ, ФОМС) Чүй аймактык башкармалыгынын сапатты эксперттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Шабралиев
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ, ФОМС) Чүй аймактык башкармалыгынын сапатты эксперттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Шабралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ, ФОМС) Чүй аймактык башкармалыгынын сапатты эксперттөө бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Эркинбек Шабралиев фонддун мамлекеттик кепилдик программасы жаңыланганын айтты.
10-октябрдан тарта калкка медициналык кызмат көрсөтүүнүн мамлекеттик кепилдиктер программасынын жаңыланган редакциясы күчүнө кирди. Бул тууралуу Эркинбек Шабралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
ММКФ жаӊы программасында ЕАЭБ жарандарына жеӊилдиктер каралды
Анын айтымында, жаӊы программа Кыргызстанда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет.
"Программаны жаңылоонун негизги максаты калктын максаттуу жана аялуу катмарына медициналык кызматты комплекстүү көрсөтүү болуп саналат. Бул Кыргызстанда медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга мүмкүндүк берет. Медициналык кызмат көрсөтүүлөр базалык, профилактикалык, адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн пакетин кеңейтүү менен деталдаштырылды. Амбулатордук деңгээлдеги уюмдарда жүргүзүлүүчү изилдөөлөрдүн тизмеси дагы 42 медкызматка көбөйтүлдү. Камсыздандырылбаган жарандар үчүн орточо чыгымдан бир нече эсе жогору болгон максималдуу деңгээлдеги (8400 сомдон 14310 сомго чейин) кошумча төлөм жүргүзүүнүн шарттары да белгиленген. Жаңы мамлекеттик кепилдиктер программасында Кыргызстанда жашаган ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандарына да жеӊилдиктер каралган. Тактап айтканда, Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттин жаранынын үй-бүлө мүчөлөрүнө милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин жыл сайын 16 391 сомдон эмес, кыргызстандыктардай эле 1 722 сомдон сатып алуу укугу берилет. Бирок үй-бүлөдө кимдир бирөө расмий түрдө республиканын аймагында иштеп, салык төлөшү керек", — деди Шабралиев.
Ал программага ылайык калктын социалдык жактан аялуу катмары үчүн бардык деңгээлдеги медициналык кызматтар акысыз экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0