УКМК: Бишкекте 10 сойкукана табылып, уюштуруучулары камакка алынды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРБишкекте 10 сойкукана табылып, уюштуруучулары камакка алынды
Бишкекте 10 сойкукана табылып, уюштуруучулары камакка алынды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Жазылуу
Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды.
БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бишкек шаарында 26-ноябрга караган түнү 10 сойкукана, анын ичинде массаж салонуна жамынып, иш жүзүндө интимдик кызмат көрсөткөн жайлар аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.
Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды

Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды - Sputnik Кыргызстан
1/3

Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

УКМК 70 кыздын сүрөтүн, видеосун ачык жарыялады

УКМК 70 кыздын сүрөтүн, видеосун ачык жарыялады - Sputnik Кыргызстан
2/3

УКМК 70 кыздын сүрөтүн, видеосун ачык жарыялады

© Фото / пресс-служба ГКНБ КР

Муну алар таасир этүү максатында жасап жатканын түшүндүрдү

Муну алар таасир этүү максатында жасап жатканын түшүндүрдү - Sputnik Кыргызстан
3/3

Муну алар таасир этүү максатында жасап жатканын түшүндүрдү

1/3

Маалыматта кызмат көрсөткөндөр өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 18 жаштан 30 жашка чейинки кыздар экени айтылды

2/3

УКМК 70 кыздын сүрөтүн, видеосун ачык жарыялады

3/3

Муну алар таасир этүү максатында жасап жатканын түшүндүрдү

УКМК 70 кыздын сүрөтүн, видеосун ачык жарыялады. Муну алар таасир этүү максатында жасап жатканын түшүндүрдү.
"Мындай мыйзамсыз иштерди уюштурууга же жасоону көздөп жүргөн адамдарга профилактикалык таасир этүү, ошондой эле бөгөт коюу чарасы катары Кыргызстандын УКМКсы кармалган сойкукана ээлеринин жана анда иштеген кыздардын сүрөттөрүн жарыялайт", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренесинде ("Сойкулук менен алектенүү же ыплас аракеттерге көмөктөшүү, же сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруу же кармоо") каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон. Кармалган уюштуруучулар менен ээлери Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.
"Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында мамлекеттик кызмат адамдарынын ичинен, ошондой эле аны уюштурууга жана ишмердүүлүгүнө тиешеси бар башка адамдардын бейформал колдоочуларын аныктоо боюнча ыкчам иликтөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө", — деп айтылган маалыматта.
Эске салсак, буга чейин Бишкекте жаш кыздарды официант катары ишке алдап алып, коркутуу, опузалоо жана каржылык көз карандылык аркылуу сойкулукка тартууга аракет кылган жай табылган. Бул окуядан кийин УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев сойкулук маселесине токтолуп, билим алууга шаарларга жиберген кыздарына, студенттерге көз салууну ата-энелерге эскертерин айткан.
Көчөдө турган сойкулар. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2023
Бишкек — Ош жолунун боюнда сойкукана уюштургандар кармалды. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0