Ири ишкер Борис Сандын уулу кармалды. УКМКнын түшүндүрмөсү

© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЖогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын баласы Александр Сан. Архивдик сүрөт
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын баласы Александр Сан. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Жазылуу
Александр Сан Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагына 4-январга чейин киргизилген.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын баласы Александр Сан кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.
Комитет бул иштер кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана аларды каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан иштин алкагында жасалганын түшүндүрдү.
Бул иште ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, "Мадина" базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимовдун ысымы аталды. Тагыраагы, алар Салимовго таандык болгон жерге көп кабаттуу премиум-класстагы турак жай курууну пландашкан. Ал ишти алып бара турган курулуш компаниясы курулуштун бүтүшүнө кепилдик иретинде кымбат батирди бериши шарт болгон.
"Кийин турак жай курууга уруксат алууга мүмкүн болбогондуктан келишим бузулган. Бирок Ильшат Салимов (Турсунтай Салимовдун баласы) 2020-жылдын январь айында А.Б.Сан жана Көлбаев менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүп жана күч колдонуп, коркутуп курулуш компаниясына таандык кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Ал "Магнат" турак жай комплексинде аянты 300 чарчы метр, баасы 300 000 долларлык батир эле. Кийинчерээк бул батирди Көлбаев Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы "Зодиак" казиносу, Б.А. Санга таандык) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК ушул жерден бул чырдуу батир кимдин атына катталганын билдирди.
"Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир Борис Сандын ("Сан-Сити" комплексинин, "Золотой Дракон" ресторанынын, мурдагы "Сан-клуб" казиносунун ээси) Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун - Александр Сандын наамына катталган", — деген маалыматты берди комитет.
УКМК ишкердин мүлкүн санап, алардын Кыргызстандын чегинен тышкары да ишканалары бар экенин билдирди.
"Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 млн. долларды түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкекте жалпы аянты 61 918 чарчы чакырым 50 миллион долларлык кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 800 чарчы метр мурдагы "Сан сити" комплекси бар. Ысык-Көл облусунда кыймылсыз мүлк объектилери ("Ак-Марал" эс алуу борборундагы Көлбаевдин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат), ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 млн. долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы метр (12,9 га) жер тилкелери чыкты. Чүй облусунда баасы 15 млн. долларлык, жалпы аянты 201 000 чарчы метр (20,1 га) жер тилкелери катталган", — деп санап берди УКМК.
Ошондой эле Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси, дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ишкананын тең түзүүчүлөрү болуп саналышарын кошумчалашты.
УКМКдан учурда Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын айтышты.
Эске салсак, кримтөбөл Көлбаев жок кылынгандан кийин УКМК кылмыштуу дүйнө менен күрөшүү максатында аны менен табакташ болгондордун, иштешкендердин сары изине түшкөн. Өлкө боюнча ири кармоолор жүрүп, алардын схемалары боюнча маалыматтар берилип жатат.
Мадина базарынын негиздөөчүсү Турсунтай Салимов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.11.2023
УКМК Турсунтай Салимовдун уулуна издөө жарыялады. Байлыгынын тизмеси
Жаңылыктар түрмөгү
0