Байсалов Кыргызстан Россияга унаа реэкспорттоодо деген АКШ экспертине жооп берди

© AFP / KAREN MINASYANБажыга жакын чиркегичте колдонулган унаалар. Архив
Бажыга жакын чиркегичте колдонулган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Жазылуу
Эксперттин айтымында, Германиядан Кыргызстанга автоунаа жана тетик экспорту 2023-жылдын 24-февралынан бери 5 500 пайызга өскөн.
БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Эл аралык финансы институтунун (IIF, АКШ) башкы экономисти Робин Брукс Германиядан автоунаа жана тетиктерди Кыргызстанга жеткирүү кескин жогорулаганын соцтармак аркылуу билдирген.
Анын айтымында, Германиядан Кыргызстанга автоунаа жана тетик экспорту 2023-жылдын 24-февралынан бери 5 500 пайызга өскөн.
"Мунун баары Россияга жөнөтүлүп жатканын түшүнүү үчүн укмуш акылдын деле кереги жок. Бул Кыргызстанда машина алгандар кескин көбөйүп кетти дегенди билдирбейт. Германия муну токтотушу керек", — деген ал.
Мындай чагымчыл постко министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жооп берген. Ал Кыргызстандын экономикасындагы өсүш реалдуу экенин билиш үчүн анча көп акылдын деле кереги жок экенин айткан.
"Баары силер ойлогондой эмес. Жакшы башкаруу менен олуттуу реформа жасадык (тагыраагы, уурдаган жокпуз)", — деп жазган Байсалов.
Жүк ташуучу поезд. Архивдик сүрөт.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Кыргызстандын экспорту дээрлик 50 пайызга өскөн
Жаңылыктар түрмөгү
0