Садыр Жапаров бала кезинде Брежневдей болгусу келгенин айтты

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүӨлкө башчы Садыр Жапаров. Архив
Өлкө башчы Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы айылда ата-энеси менен өткөргөн балалык кезин айтып берген.
БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Бала кезимде Брежневдей мамлекет башкарууну кыялдангам. Бул тууралуу өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте өткөн "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форумунда билдирди.
"Жаштын тилегин берет деген чын. 7-8-класста окуп жүргөн мезгилим болсо керек, айылда мал тейлеп келгенден кийин ата-энем, бир туугандарым менен чогуу телевизор көрчүбүз. Көбүнчө ар жылы өткөн съездди көрчүбүз. Бир саат Брежнев доклад окучу. Ата-энем аны караган себеби айылдан ал жакка катышканга эже, байкелер барчу. Ошолор көрүнөр бекен деп карашчу. Анын сөзүн угуп, карап отуруп анан баламын да, "ушу Брежневдей болом" дечүмүн. Атамдар "тилегиңди Кудай кабыл кылсын" дешчү. Тилегим орундалып, мына, мамлекет башкарып отурам", — деди Жапаров.
Президент форумдун катышуучуларына да кыялдары кабыл болушун тилеп, баарына ийгилик каалап өткөн.
Бишкекте Кыялымдагы Кыргызстан аттуу жаштар форуму өтүүдө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Бишкекте "Кыялымдагы Кыргызстан" аттуу жаштар форуму өтүүдө. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0