Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүралиев: Щукин атындагы театралдык окуу жайга өткөндөр акысыз окуйт

© Sputnik / Асел АкматТеатр жана кино актеру, режиссер, Россия театр искусствосу институтунун кыргыз студиясынын куратору Уланбек Өмүралиев
Театр жана кино актеру, режиссер, Россия театр искусствосу институтунун кыргыз студиясынын куратору Уланбек Өмүралиев  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Жазылуу
Театр жана кино актеру, режиссер, Россия театр искусствосу институтунун кыргыз студиясынын куратору Уланбек Өмүралиев Борис Щукин атындагы театралдык институтка каттоо 30-ноябрга чейин узартылганын айтты.
Москвадагы Щукин атындагы театралдык институтка кыргызстандык студенттерди каттоо мөөнөтү 30-ноябрда жыйынтыкталат. Окуу жайга өтүүнү каалагандар "Россотрудничество" уюмунун расмий сайтынан каттоодон өтүүсү зарыл. Бул тууралуу Уланбек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Өмүралиев: Щукин атындагы театралдык окуу жайга өткөндөр акысыз окуйт
Анын айтымында, окуу жайга актерлук кесип боюнча 18-22 жаштагы улан-кыздар, режиссерлукка 30 жашка чейинкилер тапшыра алат.
"Аталган институт 22 таланттуу, жаш кыргызстандыкты төрт, беш жыл бою бюджеттик негизде окутуп берүүнү пландап жатат. Мындай мүмкүнчүлүк "Россотрудничество" менен биздин Маданият министрлигинин аракети аркылуу ишке ашууда. Окууну каалагандарга жатакана берилет, 20 миң сомго чукул стипендия алышат, бюджеттик негизде окушат. Бул долбоор аркылуу окууга өтүү үчүн "Россотрудничествонун" расмий сайтынан каттоодон 30-ноябрга чейин өтүп, талап кылынган документтерди тиркеп коюусу зарыл. Андан соң сынак жүрөт, ага Россиядан педагогдордун келиши күтүлүүдө", — деди Өмүралиев.
Ал мындай мүмкүнчүлүк жыл сайын эле боло бербестигин айтып, таланттуу жаштарды мүмкүнчүлүктөн пайдаланып калууга чакырды.
Жаңылыктар түрмөгү
0