30-ноябрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектин Эркиндик бульварында жамгыр жааганда клен жалбырактары
Бишкектин Эркиндик бульварында жамгыр жааганда клен жалбырактары - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
30-ноябрда күндүз республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Бейшембиде түнкүсүн өлкөнүн тоо кыркаларында жана тоолуу райондорунда кар жаашы болжолдонду. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас чөлкөмдөрүндө +5…+10, Ысык-Көл жеринде +4…+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +8…+13, Нарын облусунда +3…+8 градуска чамалап барат.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +6…+8, Ош шаарында +10…+12 градусту көрсөтөт.
Мектеп окуучулары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
12 жылдык окууга өтүү долбоору кайра көтөрүлүп, Жогорку Кеңеш артка кайтарды
Жаңылыктар түрмөгү
0