Ошто "Кара-Суу" базарында иштегендер митингге чыгышты. Видео

© AP Photo / MANISH SWARUPМитинг. Иллюстративдик сүрөт
Митинг. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Митинг. Иллюстративдик сүрөт. Архивдик сүрөт
Жазылуу
Соодагерлер Кара-Суу райондук администрациясынын алдына чогулушкан.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда "Кара-Суу" базарында иштеген соодагерлер митингге чыгышты.
Алар ККМ аппараттарын жана электрондук эсеп-фактура киргизүүгө, ККМ аппараттарын колдонууга жана текшерүүлөргө нааразы болушууда. Соодагерлер Кара-Суу райондук администрациясынын алдына чогулушкан.
Белгилей кетсек, "Кара-Суу" базары "Дордой" базарынын катарында өлкөдөгү ири соода жайларынын бири болуп саналат.
Буга чейин Экономика министрлиги "Дордой" жана "Кара-Суу" базарларында соода кылгандарга өзгөчө зонадагы салык режимин киргизип, ККМ колдонуудан бошотуу мыйзам долбоорун сунуштаган.
Нарында соодагерлер митингге чыгышты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2023
Нарында соодагерлер митингге чыгышты. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0