Петербургда "Евразиянын экономикалык келечеги" эл аралык форуму өтүүдө

© Фото / Пресс-служба Исполкома СНГСанкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форуму башталды.
Санкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, Евразиянын экономикалык келечеги деп аталган эл аралык форуму башталды. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
Башкы катчы геосаясий жана геоэкономикалык трансформациянын заманбап шарттарында мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы саясий өзгөрүүлөргө ыңгайлаша алышы маанилүү экенин белгилеген.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Санкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форуму башталды. Бул тууралуу КМШнын Аткаруу комитетинин сайтында жазылган.
Иш-чаранын темасы "Глобалдуу трансформация шартында Чоң Евразиянын экономикалык мейкиндигинин туруктуулугу, ыңгайлашуусу жана өзүн-өзү идентификациялоосу" деп аталат.
© Фото / пресс-служба Исполкома СНГ

Санкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форуму башталды.

Санкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форуму башталды. - Sputnik Кыргызстан
1/2

Санкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форуму башталды.

© Фото / Пресс-служба Исполкома СНГ

Иш-чаранын ачылышында КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий сүйлөп, форум көп жылдардан бери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы аянтча болуп келе жатканына токтолгон.

Иш-чаранын ачылышында КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий сүйлөп, форум көп жылдардан бери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы аянтча болуп келе жатканына токтолгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2

Иш-чаранын ачылышында КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий сүйлөп, форум көп жылдардан бери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы аянтча болуп келе жатканына токтолгон.

1/2

Санкт-Петербургда кечээ, 28-ноябрда, "Евразиянын экономикалык келечеги" деп аталган эл аралык форуму башталды.

2/2

Иш-чаранын ачылышында КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий сүйлөп, форум көп жылдардан бери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы аянтча болуп келе жатканына токтолгон.

Форумга Евразия экономикалык интеграцияга катышкан мамлекеттердин аткаруу жана мыйзам чыгаруу органдарынын өкүлдөрү, Евразия университеттери ассоциациясынын окуу жайлары, ЕЭКтин мүчөлөрү жана башкалар катышууда.
Иш-чаранын ачылышында КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий сүйлөп, форум көп жылдардан бери кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жакшы аянтча болуп келе жатканына токтолгон.
"Катышуучулар Евразияда эл аралык валюта-финансы системасын өнүктүрүүнүн учурдагы тенденцияларын жана векторлорун, энергетикалык долбоорлордогу жаңы макулдашуулардын потенциалына байланышкан маселелерди талкуулашат, Евразия өлкөлөрүнүн транспорттук-логистикалык мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда көйгөйлөрдү чечүү жолдорун карашат. Экономикалык мамилелердин өнүгүүсү, инвестициялык климат жана Евразия чөлкөмүндөгү мамлекеттердин экономикасы табылган чечимдердин натыйжалуулугунан көз каранды", — деген ал.
Башкы катчы геосаясий жана геоэкономикалык трансформациянын заманбап шарттарында мамлекеттердин тышкы экономикалык жана тышкы саясий өзгөрүүлөргө ыңгайлашуу жөндөмдүүлүгү маанилүү экенин кошумчалады. Мында интеграциялык бирикмелер жана эл аралык уюмдар өзгөчө роль ойной турганын, алардын бири КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы экенин кошумчалаган.
Форумдун иши бүгүн да уланууда. Тематикалык сессияларда катышуучулар Евразия чөлкөмүндөгү энергетикалык долбоорлорду өнүктүрүүнү, эл аралык транспорттук-логистикалык коридорлордун интеграциялык ролун карашмакчы.
Бишкекте КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын 56-жыйыны  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2023
КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкектеги сессиясы
КМШ ПААнын жыйыны соңуна чыкты. Жактырылган документтер
Жаңылыктар түрмөгү
0