Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине барат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигинде. Архивдик сүрөт
Президент Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигинде. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Жазылуу
Иш сапар БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоо менен жыйынтыкталат.
БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров 30-ноябрда Бириккен Араб Эмирлигине иш сапары менен бара турганын президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Бул күндөрү Дубай шаарында БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегменти өтөт.
Азымбакиевдин айтымында, 12-декабрга чейин созула турган кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташат.
"1-декабрда Садыр Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын пленардык отурумунда сөз сүйлөйт. 2-декабрда БАЭ менен энергетика жана инвестиция жаатында бир катар биргелешкен документтерге кол коюу пландалууда. Андан соң БАЭнин Улуттук күнүн майрамдоого катышып, иш сапар ошону менен аяктайт", — деди Азымбакиев.
Кургап калган суу сактагычтагы көпөлөк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Пресс-борбор
Глобалдуу жылуулуктун кыргызстандыктарга тийгизген таасири айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0