1-декабрга карата аба ырайы

© Sputnik / Жоомарт УраимовБишкектеги Төрөкүл Үмөталиевдин эстелиги. Архивдик сүрөт
Бишкектеги Төрөкүл Үмөталиевдин эстелиги. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрга караган түнү Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлерине жамгыр жаап, тоолуу райондоруна кар түшөт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым аймактарды туман каптаарын Кыргызгидромет билдирди.
Ал эми күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөй турганын айтышты.
Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көлдө +5...+10, ал эми Нарында +2...+7 градус болот.
Борбор калаада түнкүсүн бир аз жамгыр жаайт. Күндүн табы Бишкекте +7...+9, Ошто +10...+12 градуска жетет.
Бишкектин Ала-Тоо аянтында Нооруз майрамында улуттук кийимчен кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Эмгек министрлигинин сунушу
Жаңылыктар түрмөгү
0