Бир жылда 12 келин өз өмүрүнө кол салган. Акаев Лейлектеги көйгөйдү көтөрдү

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бир жылда эле 12 келин өз өмүрүнө кол салган. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Лейлектин Жаңы-Жер, Андарак айылдарындагы көйгөйдү көтөрүп жатып айтты.
Ал бул аймакта үй салууга жер тилкелер берилбей, кесепети оор болуп жатканын белгилеген.
"Айылдыктар "жердин баасы Бишкектегиден кымбат, эмне кылышты билбей калдык" деп жатат. Андарак айылында келин-кесек, кайната-кайненеси баары чогуу, бир үйдө 6-7 үй-бүлө жашап жатышыптыр. Үрөй учурган статистиканы айтып коёюн, соңку бир жылда 12 келин өз өмүрүнө кол салыптыр. Үчөөнү сактап калышкан, тогузу каза болуптур", — деди Акаев.
Депутат өкмөттү бул маселени өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Жаңы-Жерде 300 гектар жер даярдалганын, эгер ал трансформацияланса 2700 турак жай салууга уруксат берилмектигин билдирди.
Абактагылар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2023
Арча-Бешикте наристесин таштаган келин баланын атасы абакта экенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0