Коркпой эле ачалы. Депутат Токтошев Индияга визасыз режим киргизүүнү сунуштады

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта чет элдиктер. Архив
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы паркта чет элдиктер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Жазылуу
Эл өкүлү Казакстан индиялыктарга эки жумалык мөөнөткө визасыз кирүүгө уруксат бергенин мисал келтирди.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев Индия менен визасыз режим киргизүүнү сунуштады.
Анын айтымында, өлкөдө 20 миңдей индиялык студент окуйт. Алардын туугандары, достору келип турса турист катары саналып, экономиканы өстүрүүгө салым кошот.
"Визасыз режимди киргизүү иштерин тезинен башташыбыз керек. Мисалы, Казакстан эки жумалык мөөнөткө киргизген, биз дагы бир айга коркпостон эле визасыз режимди ачышыбыз керек. Ошондо эки өлкө ортосунда соода жүгүртүүнү, туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк жаралат. Бул жактагы студенттер жакшы пикирлерин айтып барган сайын, Индияда Кыргызстанды көрүүгө кызыккандар көп экен. Андыктан биз аларга тоскоолдук кылбай жол ачып берели", — деди Токтошев.
Ошондой эле ал индиялык банктар менен сүйлөшүп акча которуу системасын киргизүү зарылчылыгын айтты. Депутат учурда алар акчасын накталай түрдө же Дубай аркылуу котортуп жатышканын кошумчалады.
Аэропорттун имаратындагы жүргүнчү. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2023
Кыргызстан чет элдиктер үчүн visa-run режимин жокко чыгарды. Түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0