1-декабрга чейин кыргызстандыктар Россияда окууга квота ала алышат

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүРУДН университетинде студенттерди окутуу
РУДН университетинде студенттерди окутуу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2023
Жазылуу
Бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттерге (кошумча кесиптик билим берүү программаларынан тышкары) жетишкендиктерине карабастан стипендия төлөнүп, россиялык студенттер менен катар эле жатакана берилет.
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Чет элдик студенттер (анын ичинде кыргызстандыктар) 1-декабрга чейин Россияда окууга квота ала алышат. Бул тууралуу "Эл аралык өнүктүрүү" долбоорунун маалымат кызматы кабарлады.
Быйыл Россиянын өкмөттүк квотасы боюнча окууга арыздарды берүүнүн мөөнөтү узартылган.
"Чет өлкөнүн таланттуу жаштары бакалавриат, магистратура жана аспирантура программаларына тапшыра алышат. Россиянын ЖОЖдору дүйнөлүк рейтингде мыкты позицияларды ээлеп, ар түрдүү тармактарда, анын ичинде маалыматтык технология, медицина жана чыгармачыл кесиптерге чейин адистерди жогорку деңгээлде даярдоосу менен таанымал. "Россотрудничество" Россияда жогорку билим берүү системасынын эшиги баарына ачык экенин белгилеген", — деп жазылат долбоордун релизинде.
РФтин Илим жана жогорку билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылы алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келген студенттер үчүн бюджеттик орундардын саны быйылкы жылдын деңгээлинде (30 миң орун) сакталат.
"Бюджеттик негизде билим алып жаткан студенттерге (кошумча кесиптик билим берүү программаларынан тышкары) жетишкендиктерине карабастан стипендия төлөнүп, россиялык студенттер менен катар эле жатакана берилет. Орус тилин жакшы билбегендер жогорку окуу жайлардын даярдоо бөлүмдөрүндө акысыз курстардан окуй алышат. Аларга да стипендия төлөнүп, жатакана менен камсыз болушат",— деп айтылат маалыматта.
Арызды 1-декабрга чейин education-in-russia.com порталынан тапшырса болот.
Университеттин китепканасындагы кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
Пресс-борбор
КМШ, ШКУ, БРИКС өлкөлөрү студенттерге Россияда акысыз окууга мүмкүнчүлүк берүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0