"Дордойдогу" митинг. Акцияга чыккан соодагерлердин бири кармалды

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүДордой базары. Архивдик сүрөт
Дордой базары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, кармалган киши өкмөт башчынын кеңешчиси менен жаңжалдаша кеткен.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. "Дордой" базарындагы кечээки митинг жана андан чыккан чыр-чатактан соң милиция соодагерлердин бирин кармап кеткенин укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булактар кабарлады.
Буга чейин соцтармакта митинг учурундагы жаңжалдын видеосу тараган.
Кармалган кишиге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгон.
Свердлов ИИБи эркек кишинин кармалганы тууралуу маалыматты тастыктады.
Эскерте кетсек, кечээ "Дордой" базарында ири митинг болуп өттү. Акциянын катышуучулары өзгөчө салык режимин киргизүүгө каршы болушууда.
Базарда араба менен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.11.2023
ККМ колдонушпайт. Митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери тарады
Жаңылыктар түрмөгү
0