Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Ала-Арча жаратылыш паркында электробус жүргүзүү планы айтылды

© Sputnik / Асылбек БактыбековАла-Арча улуттук жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Ала-Арча улуттук жаратылыш паркынын директорунун орун басары Эркин Тыныев парктын инфраструктуралык шартын жакшыртуу үчүн ири инвестициялык долбоор керектигин айтты.
Ала-Арча жаратылыш паркында электробустарды жүргүзүү максатыбыз бар. Анда парктын ичине автоунаалардын киришине тыюу салынып, экологияны сактоого байланышкан чаралар камтыларын Эркин Тыныев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Ала-Арча жаратылыш паркында электробус жүргүзүү планы айтылды
Анын айтымында, жаратылыштын кооздугун көрсөтүү максатында асма аркан жол курулса, жакшы киреше алып келет.

"Ала-Арча жаратылыш паркы жылдан-жылга жакшы шартты камсыз кылууга аракетин көрөт. Акыркы жылдары паркка эс алуучулардын агымы абдан өстү. Муну менен экологиялык маселелер курч бойдон калууда. Кооз жерибизге, жаратылышыбызга зыян келтирбей, бардык ыңгайлуу шарты менен эс алууга өтүшүбүз керек. Бүгүнкү күндө парктын инфраструктуралык мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн ири инвестициялык долбоорлор керек. Мисалы, паркта электробустарды жүргүзүү максатыбыз бар. Анда парктын ичине автоуналардын киришине тыюу салынып, экологияны сактоого байланышкан чаралар камтылат. Мындан тышкары, жаратылыштын кооздугун көрсөтүү максатында асма аркан жолдору курулса, жакшы киреше алып келет. Бирок мунун баары каражатка барып такалат. Буларды алдыңкы 5-10 жылда аткарса болот", — деди Тыныев.

Ошондой эле адис эми парктын кире беришинде тыгынды жоюу максатында унаалар үчүн кошумча өткөрүү тилкеси ачыларын белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0