Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Өмүралиев: "Ашуу" спектаклин каржылык жактан россиялык окуу жай колдоду

© Sputnik / Асел АкматТеатр жана кино актеру, режиссер, Россия театралдык искусство институтунун кыргыз студиясынын куратору Уланбек Өмүралиев
Театр жана кино актеру, режиссер, Россия театралдык искусство институтунун кыргыз студиясынын куратору Уланбек Өмүралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Театр жана кино актеру, режиссер, Россия театралдык искусство институтунун кыргыз студиясынын куратору Уланбек Өмүралиев "Ашуу" спектакли аталган окуу жайдын ректорунун колдоосу менен коюлганын айтты.
Россия театралдык искусство институтунун ректорунун атайын фонду бар. Ал спектакль коюуда каржылык жактан жардам көрсөтөт. Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук делбирим" повестинин негизинде "Ашуу" спектаклин жаратууда да ушул фонд көмөк көрсөттү. Бул тууралуу Уланбек Өмүралиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Өмүралиев: "Ашуу" спектаклин каржылык жактан россиялык окуу жай колдоду
Анын айтымында, спектаклге 78 мүнөттүк музыка жазылган.
"Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата "Ашуу" спектаклин коердо учурда өзүм эмгектенип жаткан Россия театралдык искусство институтунун ректоруна кайрылдым. Ал жакта чыгармачылыкты колдогон фонд бар. Фонд жаңы спектакль коем десең режиссердун, сүрөтчүнүн жана хореографтын гонорарын төлөп, барып-келүүгө кеткен эки жолку чыгымыңды төлөп берет. Бул жактан Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз академиялык драма театрынын директору Асылбек Өзүбековго чалсам дароо эле көркөм кеңешке салып, алар бир добуштан колдоп беришти. Москвадан спектаклдин композитору Айнура Качкынбек кызы, сүрөтчүсү Алан Саймин, хореографы Иван Межевикин болуп Бишкекке учуп келдик, Кыргыз драма театрынын актерлору менен иштей баштадык. Жанры саундрама болгондуктан бий, музыка менен коштолот. Дагы бир өзгөчөлүгү спектаклде Илиястын жаш кези менен улгайган кези диалог куруп отурушат. Анан да интервью алып жаткан жаш журналист жигит Илиястын баласы Самат болуп чыгат. Аталган спектакль ушул жылдын 7-декабрынан 12-декабрына чейин улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата коюлуучу театр жумалыгында да көрсөтүлөт", — деди Өмүралиев.
Ал повестти инсценировкалоого сегиз айга чукул убакыт кеткенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0