Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп алдаган 9-класстын үч окуучусу кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековБилдирүү жазган адам. Архивдик сүрөт
Билдирүү жазган адам. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Жазылуу
Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкекте №33 мектепке бомба коюлду деп жалган маалымат таратууга шектелген үч окуучу кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Эске салсак, буга чейин №33 мектепке бомба коюлганы тууралуу эки ирет маалымат түшүп, окуучулар эвакуацияланган.
"Ушул эле мектептин 9-классынын окуучулары: 14 жаштагы Р.И.Д., 15 жаштагы К.А.А. жана 14 жаштагы Э.Э.В. бейбаштык кылып аталган окуу жайдын электрондук дарегине жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөндүгү аныкталды. Алар окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу максатында фейк аккаунттарды колдонуп, мектептин электрондук дарегине бомба тууралуу жалган билдирүүлөрдү жөнөтүшкөн", — деп жазылат маалыматта.
Окуучулар ата-энелеринин көзүнчө жасаган кылмыштарын моюнга алышканы айтылды. Учурда алардын башка ушул сыяктуу иштерге катыштыгы бар-жогу такталууда. УКМК жардыруу коркунучу тууралуу билдирүү тараткандар жоопкерчиликке тартылып, беш жылга чейин эркинен ажырап калышы ыктымал экенин эскертти.
Өспүрүмдөр. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2023
Мектепке бомба коюлду деп алдашкан. Милиция 14 жаштагы эки баланы кармады
Жаңылыктар түрмөгү
0