Базар-Коргондогу айылда 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. Сүрөт

© Фото / пресс-служба Министерства образования и науки КРБазар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылында Сооронбаев атындагы № 42 мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.
Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылында Сооронбаев атындагы № 42 мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Жазылуу
Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.
БИШКЕК, 2-дек.— Sputnik. Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылында Сооронбаев атындагы № 42 мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жан илим министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, жаңы салынган имарат 225 орунга ылайыкташкан.
"Билим берүү жайында бардык шарттар каралган. Класстык кабинеттерден сырткары чет тили, биология, физика, химия бөлмөлөрү жана атайын лабораториялар бар. Концерттик зал, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кол эмгек кабинеттери, спорт зал, душ кабиналары иштейт", — деп айтылат кабарда.
Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Жалпы аянты 1655,9 чарчы метрди түзөт.
Баткендин Үч-Коргон айыл аймагында жаңы оорукана курулду - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Баткендин Үч-Коргон айыл аймагында жаңы оорукана курулду. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0