Жол инспектору болууну каалагандарга сынак уланууда. Талаптар

© Sputnik / Табылды КадырбековВзрыв в частном доме в Аламединском районе Бишкека
Взрыв в частном доме в Аламединском районе Бишкека - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Жазылуу
Талапкерлерге коюлган негизги квалификациялык талаптар жеңилдетилген. Эми 19дан 30 жашка чейинки жарандар жол инспектору болуп иштей алат.
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы (ЖКККББ) кызматкерлерди кабыл алуу жараяны уланып жатканын маалымдады.
"Талапкерлерге коюлган негизги квалификациялык талаптар жеңилдетилген. Эми 19дан 30 жашка чейинки жарандар жол инспектору болуп иштей алат. Мурдагыдай жогорку билим милдеттүү эмес, жалпы орто билимге ээ болгону жетиштүү. Буга чейин айдоочулук күбөлүгүндө А, А1, В, В1, С, С1 категориялары болушу талап кылынса, азыр В менен С гана керектелет", — деп жазылат кабарда.
Сынакка катышууну каалагандар төмөнкү документтерди алып келиши керек:
жеке арыз;
кадрларды каттоо боюнча баракча:
өмүр баяны эки экземплярда (кол менен жазылган жана компьютерде терилген);
автобиографиялык реферат;
билими тууралуу документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
эркектер үчүн аскердик билеттин көчүрмөсү (түп нускасын конкурс учурунда көрсөтөт);
паспорттун копиясы;
никелешүү жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү;
укук коргоо органдарында иштөөгө жарактуулугу тууралуу аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу;
9х12 өлчөмүндөгү бир, 3х4 өлчөмүндөгү төрт сүрөт.
Документтер Бишкек шаарынын Чокан Валиханов көчөсү, 1а дареги боюнча кабыл алынат. Телефондор: (0312) 63-12-75, 63-09-00, 63-09-01.
Кабыл алуу 22-декабрга чейин уланары айтылды.
Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга катуу чара көрүлүп жатат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2023
Чүйдө жол жээгинде бөтөлкөлөп май саткандарга айып салынууда. Сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0