4-декабрда Бишкектин бир катар көчөлөрүндө электр кубаты өчөт. График

© AFP / ALI AL-SAADIЭлектрик имараттын башкы бөлүштүрүүчү тактасын текшерип жатат. Архив
Электрик имараттын башкы бөлүштүрүүчү тактасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Эртең, 4-декабрда борбор калаанын айрым райондорунда электр энергиясы өчүрүлөт. Бул туурасында Бишкек электр тармактары ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, жарык берүүнүн үзгүлтүккө учурашы жабдууларды техникалык тейлөө жана башка иштерге байланыштуу болууда.
Электр энергиясы өчүрүлө турган аймактар:
Саат 9:00дөн 11:00гө чейин — Панфилов, Орлов, Медеров, Абай жана Скрябин көчөлөрүнүн бөлүктөрүнө;
9:00дөн 12:00гө чейин — Арча-Бешик конушунун Эр-Тайлак, Проектируемая, Камбар-Ата, Алты-Түтүн, Нур-Эл, Мамыр, Жылга-Сай көчөлөрүндө;
9:00дөн 14:00гө чейин — Манас проспектисинин № 34 жана 36 үйлөрүндө;
9:00дөн 15:00гө чейин — Чуйков жана Тыныстанов көчөлөрүнүн бөлүгүндө;
9:30дан 12:00гө чейин — Тимур Фрунзе жана Проектируемая көчөлөрүнүн бөлүгүндө;
12:00дөн 14:00гө чейин — Эркиндик проспекти, Абдумомунов жана Тыныстанов көчөлөрүнүн бөлүгүндө;
13:00дөн 15:30га чейин — Арча-Бешик конушунун Жылга-Сай жана Береке көчөлөрүндө.
Газпром Кыргызстан компаниясынын кызматкерлери газ коюу учурунда. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2023
Пресс-борбор
Бишкек үч жылда газдаштырылып бүтөт
Жаңылыктар түрмөгү
0