Быйыл 9 айда акыркы жылга караганда автоунаа көп ташылды

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаа базары. Архив
Автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2023
Жазылуу
Баарынан арбын көрсөткүч Түштүк Кореянын темир тулпарларына таандык.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанга быйылкы жылдын январынан сентябрына чейин 122 458 жеңил автоунаа алып киришкенин Статистика боюнча улуттук комитеттин маалыматында айтылат.
Баш-аягы автокөлүктөр 60га чукул өлкөдөн ташылган.
Алардын ичинен төмөнкү жактардан арбын (10 миңден ашык) алып келишкен:
Түштүк Корея — 38 375 машина;
Кытай — 32 573;
АКШ — 15 006;
Россия — 10 796.
Былтыркы жылдын январь–сентябрь айларында 25,3 миң автокөлүк киргени катталган. Ал эми 2020–2022-жылдары Кыргызстанга 80 миңге чукул темир тулпар ташылган.
Жылдар боюнча маалыматтар:
2020 — 25 629 автоунаа;
2021 — 13 116 автоунаа;
2022 — 41 241 автоунаа.
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2023
Кыргызстанга машина ташуу 2,6 эсеге өстү. Статистика
Жаңылыктар түрмөгү
0