Адистер көп оорудан сактай турган жемиш тууралуу айтып беришти

© Sputnik / Илья ПиталевДүкөндөгү жемиштер. Архив
Дүкөндөгү жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
Ал кандагы канттын деңгээлин эле төмөндөтпөстөн, жакшы эмес холестеринди да азайтат.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Nutrients журналы анарга арналган бүтүндөй бир изилдөөнү жарыялаганын "Доктор Питер" басылмасы билдирди.
Бул жемиштин бир катар оорулардын кабылдап кетишинин алдын аларын, семирүүдөн сактап, экинчи типтеги кант диабетинин жөнгө салып турууга жакшы жардамчы экени белгилүү болду.
Нутрициологдордун айтымында, кандагы канттын деңгээлин эле төмөндөтпөстөн, жакшы эмес холестеринди да азайтат. Кан тамырлардын илдетинен, атеросклероздун өрчүп кетишинен сактайт. Анын курамындагы антиоксиданттар тамырларды жылмакай кылып, андан улам кан басым төмөндөйт. Мындай дарт менен жабыркагандарга аз өлчөмдө жесе да кадимкидей жардамын берет. Бир стакан шире кан басымдын жогорку көрсөткүчүн 5 миллиметр, ал эми төмөнкүсүн 2 миллиметр сымап мамычасына түшүрө алат.
Терапевт жана гастроэнтеролог Константин Спахов өзгөчө жемиш бышып турган маалда ширесин сыгып алып, үзгүлтүксүз ичип турууну сунуштайт. Өлчөмү бир күнгө — жарым стакан.
Бул жемиштин кабыгы менен ортосундагы бөлүп турган жука агыш катмарчаларын да кургатып алып колдонсо, пайдалуу.
“Аларды кайнаган сууга демдесе, ич өткөккө миңдин бири. Кадимки дарыдан кем калбайт”, — деген дарыгер Спахов.
Курма. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2023
Бир күндө канча курма жеш керек. Диетологдун түшүндүрмөсү
Жаңылыктар түрмөгү
0