Денис Петрашов АКШдагы чемпионатта алтын утту. Видео

© AFP / ATTILA KISBENEDEKСууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов. Архивдик сүрөт
Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
Петрашов 100 метрлик аралыкты брасс ыкмасы менен 59,46 секундда сүзүп өткөн.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Сууда сүзүү боюнча кыргызстандык спортчу Денис Петрашов АКШдагы ачык чемпионатта алтын медаль алды. Бул тууралуу Спорттун суудагы түрлөрү боюнча федерациясы билдирди.
Петрашов 100 метрлик аралыкты брасс ыкмасы менен 59,46 секундда сүзүп өтүп, 2020-жылы Олимпиада чемпиону болгон Майкл Эндрюну артта калтырды.
Денис Петрашов 2016-жылы Рио-де-Жанейродогу, 2020-жылы Токиодогу Олимпиада оюндарына катышкан. Ал буга чейин АКШдагы мелдеште рекорд жараткан.
Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.09.2023
Денис Петрашов Париждеги Олимпиадага лицензия утуп алды
Жаңылыктар түрмөгү
0