Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Токтошев: фотоаңчылыкка шарт түзүү менен ири киреше таап, туризмди өнүктүрөбүз

© Sputnik / Асылбек БактыбековЖК депутаты Эмил Токтошев
ЖК депутаты Эмил Токтошев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
ЖК депутаты Эмил Токтошев Кыргызстанды байырлаган Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калуу, браконьерлик менен күрөшүү ишине олуттуу көңүл бурулушу зарылдыгын айтты.
Өлкөдө фотоаңчылыкка шарт түзүү менен ири киреше таап, туризмди өнүктүрүүгө жол ачылат. Сейрек кездешкен жапайы жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүү дүйнөлүк практика катары таанылып, аны Кыргызстанда жайылтуу керектигин Эмил Токтошев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Токтошев: фотоаңчылыкка шарт түзүү менен ири киреше таап, туризмди өнүктүрөбүз
Эл өкүлүнүн айтымында, аркар, кулжа, тоо текелерине аңчылык кылууга лицензия берүүнү токтотуп, атайын фотозоналарды уюштуруу абзел.
"Жапайы жаныбарларды коргоо, экосистеманы сактап калуу боюнча көп мыйзам долбоорлорун сунуштап, демилгелеп келем. Кыргызстандын жаратылышы чет өлкөлүктөрдү кызыктырат. Ал эми биздин өлкөдө гана байырлаган жапайы жаныбарларды көрүү алар үчүн чоң табылга. Тилекке каршы, кээ бир жаныбарлардын саны азайып баратат. Андыктан кыргыз жерин байырлаган Кызыл китепке кирген сейрек кездешүүчү жаныбарларды сактап калуу, браконьерлик менен күрөшүү ишине олуттуу көңүл бурулушу керек. Мисалы, өлкөдө фотоаңчылыкка шарт түзүү менен ири киреше таап, туризмди өнүктүрүүгө жол ачылат. Сейрек кездешкен жапайы жаныбарлардын жашоосуна байкоо жүргүзүү дүйнөлүк практика катары таанылып, аны бизде жайылтуу зарыл. Аркар, кулжа, тоо текелерине аңчылык кылууга лицензия берүүнү токтотуп, атайын фотозоналарды уюштуруу абзел", — деди Токтошев.
Ошондой эле адис Кыргызстанды Орто Азиядагы фототуризмдин борборуна айлантууга мүмкүнчүлүк жогору экендигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0