Ош шаарына дагы эл аралык маанидеги жаңы аэропорт курулат

© Sputnik / Сергей Красноухов / Медиабанкка өтүүАэропорттун имараты. Иллюстративдик сүрөт
Аэропорттун имараты. Иллюстративдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
Азыркы аэропорттордун ордуна ипотекага көп кабаттуу үй куруу пландалууда.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Эл аралык жаңы аэропорт Ошко да, Жалал-Абад шаарына да салынат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал соцтармакта тарап жаткан "Ошко пландалган аэропорт Жалал-Абадга салынмай болуптур" деген билдирүүлөрдү төгүндөп, жаңы аэропорт эки шаарга тең куруларын белгилеген.
"Жалган жана чагымчыл маалымат таркатуу тийиштүү мыйзамдардын чегинде тескелерин, ал үчүн жоопкерчилик каралганын эске салабыз. Үстүбүздөгү жылдын майында мамлекет башчы Садыр Жапаров жаңы салына турган аэропорттордун долбоорлору менен жеринде таанышкан. Анда Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы аэропорттордун ордуна ипотекалык негизде берүү үчүн көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганы маалымдалган", — деп жазган Алагөзов.
Эске салсак, УКМК төрагасы Көк-Жаңгак шаарындагы маданият үйүнүн ачылышында Жалал-Абад шаарына дүйнөнүн төрт бурчуна уча турган эл аралык маанидеги чоң аэропорт куруларын айткан.
Бишкектин түштүгүндө 45 кабаттуу мейманкана пайда болот - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Бишкектин түштүгүндө 45 кабаттуу мейманкана пайда болот. Президент капсула салды
Жаңылыктар түрмөгү
0