Таласта билим берүү бөлүмүндө бюджеттик акчадан 11 млн. сом уурдалганы аныкталды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСтолдун үстүндө үйүлгөн сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Столдун үстүндө үйүлгөн сом купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Талас облусунун Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттан 11 миллион 30,7 миң сом өлчөмүндө акча уурдалганы аныкталганын Эсеп палатасынан кабарлады.
Билдирмеге караганда, Эсеп палатасы 2022-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча пландык аудит жүргүзгөн.
"Жыйынтыгында Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттен 11 миллион 30,7 миң сом акча уурдалганы маалым болгон. Тагыраагы, Бакай-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчилиги билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин карталык эсептерине 2022-жылы 9 миллион 408,9 миң сом, 2023-жылы 1 миллион 621,8 миң сом акчаны негизсиз которгону аныкталган", — деп айтылат кабарда.
Кумтөрдү сырттан башкарып кеткен Теңиз Бөлтүрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.11.2023
Башкы прокуратура Теңиз Бөлтүрүк чынында канча акча кайтарганын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0