Владимир Путин “Жылдын ыктыярчысы” сыйлыгын тапшырды. Видео

© Sputnik / POOL / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин
Россиянын президенти Владимир Путин  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Жазылуу
РФ лидери өлкө калкынын 25 пайызы ыктыярчы экенин айтты.
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин “Жылдын ыктыярчысы” сыйлыгын Наталья Аминевага бергенин Кремль билдирди.
РФ лидери "#МыВместе" эл аралык премиясынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземине катышкан.
Аминева балдары, жолдошу жана ата-энеси менен биргеликте атайын аскердик операциянын жоокерлерине жардам берет. Ал жашырынуучу тор менен байпак токуп, окоптук шамдарды жасайт.
Путиндин айтымында, өлкө калкынын 25 пайызы ыктыярчылык менен алектенет.
“Бул кокусунан эмес, анткени Россия элинин каада-салтында жана маданиятында берилгендик, муктаж болгондорго жардам берүү ыкласы биздин өлкөнүн тарыхында муундан муунга өтүп келген”, — деп белгиледи Россиянын башчысы.
Ал жоокерлерге кол сунган жарандарга ыраазычылыгын айтып, 5-декабрда белгиленип келген Ыктыярчы күнү менен куттуктады.
Путин ошондой эле бүткүл россиялык “Тилектер дарагы” кайрымдуулук акциясына катышты. Президент жаңы жылдык балатыга мамлекет башчысы аткара турган балдардын каалоосу жазылган каттардан үчөөнү тандап алды.
Мындан тышкары, өлкө башчы “Жылдын ыктыярчысы-2023” сыйлыгына талапкерлер жана өткөн жылдардагы сынактын жеңүүчүлөрү менен баарлашты.
РФ Борбордук банкынын имараты. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2023
Батыштын санкциялык үмүтү талкаланып... Россия экономикасы кантип өнүгүүдө?
Жаңылыктар түрмөгү
0