Телефон аркылуу алдагандардан кантип сактанса болот? ИИМдин кеңеши

© Photo / Unsplash / Gilles LambertТелефон кармаган киши. Архивдик сүрөт
Телефон кармаган киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Жазылуу
Милиция банктык реквизиттерди башка адамдарга өткөрүп бербеш керектигин белгилеген.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. ИИМдин маалымат кызматы мессенжер аркылуу чалууларды пайдаланып алдагандардан кантип сактануу керектигин айтты.
Укук коргоо органдары алдамчылыктын жаңы түрү чыкканын эскертти.
"Белгисиз адамдар телефон чалып, аны менен видеобайланышка чыгууну суранат. Алар ар кандай шылтоолор менен сатыкка коюлган товарды көргүсү келип же таппай жатканын айтышы ыктымал. Бирок алар экрандан көрүнбөй, телефондогу өзгөртүүлөрдөн улам ушундай болуп жатканын айтып шылтоо кылышат", — деп жазылат маалыматта.
Мындай жол менен алданып акчасын алдырган учур катталганы айтылып, ал кыздын окуясы мисал катары келтирилген.
"Арыз ээсинин айтымында, ага мессенжерден белгисиз адам чалып адашып калганын айткан, бирок видеочалууда өзү көрүнгөн эмес. Ал видеотрансляция жолу менен сүйлөшүүнү сунуштап, сүйлөшүп жатканда телефондогу уюлдук оператордун электрондук капчыгындагы 28 миң сомун чыгарып кеткен. Ошол учурда телефондун экранында смс аркылуу сыр белгинин (пароль) өчүрүлүп кайра калыбына келтирилип жатканы көрүнүп турган. Жыйынтыгында кыз акчасын алдырып жиберген", — деп айтылат кабарда.
Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын белгилеп, чоочун адамдарга жеке маалыматтарды ачыкка чыгарбоону сунуштаган.
"Кандай гана учур болбосун банктык реквизиттерди башка адамдарга өткөрүп бербеш керек. Мессенжер аркылуу чалып, видеотрансляция жолу менен сүйлөшүүнү сунуштагандардан оолак болуп, сүйлөшүүнү токтотуп койгула", — деп жазылат ИИМдин эскертүүсүндө.
Эшиктин кулпусун бузуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.11.2023
Үйгө кирген уурулардан кантип сактанса болот? ИИМдин кеңеши
Жаңылыктар түрмөгү
0