Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Болгомбаев: окуучуларды шаарды таза кармоого үндөш керек

© Sputnik / Асел АкматПедагог Бакытбек Болгомбаев
Педагог Бакытбек Болгомбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Жазылуу
Педагог Бакытбек Болгомбаев окуучуларга мугалим шаарды же айылды кантип таза сактаганга үйрөтүш керектигин айтты.
Ар бир мугалим сабакта окуучусуна көчөгө таштанды ыргытканда эмне болорун түшүндүрүп айтып бериш керек. Мындай пикирин Бакытбек Болгомбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Болгомбаев: окуучуларды шаарды таза кармоого үндөш керек
Анын айтымында, "Таза Кыргызстан — таза жаран" деген түшүнүктү ар бир окуучунун жүрөгүнө киргизүү зарыл.
"Биз мугалимдер коомду агартууга салым кошушубуз керек. Жеке өзүм бардык сабактарымда тазалык темасына кайрылганга аракет кылам. Балдарга тазалыктын маанилүүлүгү тууралуу кеңири түшүндүрүп берүү зарыл. Борбор шаарыбыз Бишкек биздин жүзүбүз. Бул жерге келген ар бир турист өзгөчө "Ала-Тоо" аянтын көрүп жалпы элге баа берип коюшу мүмкүн. Ошондуктан шаар болобу, айыл болобу, бүтүндөй дүйнөнү таза сактоого окуучуларды үйрөтүшүбүз керек. Алар экологияны сактоо боюнча мугалимден да, айланасындагылардан да уга берсе мекенди таза кармаш керек деген нерсе мээсине сиңип калат. Ар бир окуучунун жүрөгүнө "Таза Кыргызстан — таза жаран" деген түшүнүктү киргизүү шарт. Кыргыз эли башынан бери эле тазалыкка маани берип келген", — деди Болгомбаев.
Ал ЖМКлар тазалык тууралуу берүүлөрдү, роликтерди, маалыматтарды көбүрөөк чагылдырып турушу керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0