Садыр Жапаров: базарда патент менен иштөө 1-июлга чейин жылат

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров "Дордой" базарында
Президент Садыр Жапаров Дордой базарында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Жазылуу
Бүгүн, 5-декабрда, президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына барып, соодагерлер менен жолукту.
БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргызстандын базарларында патент менен иштөө системасы 2024-жылдын 1-июлуна чейин жылдырылат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына барганда билдирди.
Эске салсак, 2024-жылдын 1-январынан тарта патент менен иштөө системасы жоюлат. Соңку күндөрү бир катар ири базарларда буга каршы митингдер өтүүдө. Бүгүн, 5-декабрда, президент Садыр Жапаров "Дордой" базарына барып, соодагерлер менен жолукту.

"Базарда кандай иштеп жатса, ошондой кылып 2024-жылдын июлуна чейин токтотуп тургула дедим. Анткени буга салыкчыларыбыз өздөрү даяр эмес экен. Мен муну кечээ билдим", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле салыкчыларды, өкмөт мүчөлөрүн жана соодагерлердин делегаттарын топтоп, дагы бир ирет сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү менен бир чечимге келишерин кошумчалады.
Акылбек Жапаров ККМ абоюнча кеңешмеде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.12.2023
Акылбек Жапаров: белгилүү бир күчтөр соодагерлерди тукуруу аракетин көрүүдө
Жаңылыктар түрмөгү
0