Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Байсалов: либерал сымалдар күмөн санаган пландар ишке ашты

© Sputnik / Акбар АкжигитовМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Ал Садыр Жапаров президент болуп турганда мамлекеттин кирешеси 2,5 эсеге көбөйгөнүн белгилеген.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эл аралык институттар, либерал сымалдар эки жыл мурда бийликтин пландарынан күмөн санашкан. Бирок ал ойлору таш каап, чоң ийгиликтерге жеттик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Sputnik Кыргызстан агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
"Министрлер кабинетинин эки жыл мурдагы пландары айрым эл аралык коомчулуктун, ошол эле эл аралык финансы институттарынын күмөн ойлорун жараткан. Бирок өкмөт жасаган иштердин жыйынтыгы, өзгөчө мамлекеттин кирешесин көбөйтүүдөгү жетишкендиктер иш жүзүндө сандар менен көрүнүп турат", — деген Байсалов.
Ал Садыр Жапаров президент болуп турганда мамлекеттин кирешеси 2,5 эсеге көбөйгөнүн белгилеген.
КР желеги жана улуттук валютадагы тыйындар. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
Эгемендик алган жылдары экономикада эмнеден жаңылдык? Эксперттин маеги
Жаңылыктар түрмөгү
0