Садыр Жапаров: митинг боло берсе базарларга "Кумтөрдөй" тышкы башкаруу кирет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевСадыр Жапаров "Дордойдун" соодагерлери менен жолугууда. рхивдик сүрөт
Садыр Жапаров Дордойдун соодагерлери менен жолугууда. рхивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Мамлекет башчы мындан ары эч нерсе жашырууга мүмкүн болбой турганын айтып, жакында өзүнүн канча мүлкү бар экенин ачыкка чыгара турганын кошумчалаган.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Эгер улам митинг боло берсе, базарларга өкмөттүн атынан "Кумтөрдөй" кылып тышкы башкаруу киргизебиз. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине берген маегинде билдирди.
Журналист президентке "элди митингге үндөгөндөр жазасыз кала береби?" деген суроо узаткан.
"Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан тышкы башкаруу киргизебиз, "Кумтөргө" киргизгендей. Тез арада баарын ревизия кылып чыгабыз. Мурдагыларынан бери баарын казып чыксак эле мүлкү, суммалары ачыкка чыгып калат. Эскинин баарын төлөөгө туура келет. Ага чейин барбай эле коёлу деп күч органдарын токтотуп жатам. Анткени баары эле өзүбүздүн жарандар. Аларга мүмкүнчүлүк берели дедим. Мыйзамдын негизинде легализация кылып алышсын деп соодагер-бизнесмендерге эле эмес, мурдагы, азыркы аткаминерлерге, дегеле мүлкү башка бирөөлөргө катталган элдин баары үчүн мыйзам да кабыл алып бердик. Ушул мыйзамдын негизинде элдин баары өз мүлкүн ачыкка чыгарып, легализация кылып, өз атына каттап алышса болот. Ошол эле контейнери бар бай адамдардын, базар ээлеринин 5-6дан батирлери, акыркы үлгүдөгү жолтандабастары бар. Башкаларга каттатып коюшкан. Легализация кылып өздөрүнө каттап алышсын. Ал үчүн жакшы шарт түзүп бердик. Буга чейин баарыбыз эле мүлктөрүбүздү башка бирөөнө каттатып келгенбиз да. Бул жашыруун деле эмес", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы мындан ары эч нерсе жашырууга мүмкүн болбой турганын айтып, жакында өзүнүн канча мүлкү бар экенин ачыкка чыгара турганын кошумчалаган.
ККМ аппараттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Садыр Жапаров ККМ аппаратынын базарларга киргизилип жаткан себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0