Ысык-Көлдө РКӨФтүн колдоосу менен чакан ГЭС курулду. Видео

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРГЭСтин иш алып баруусу. Архив
ГЭСтин иш алып баруусу. Архив  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
"Ала-Баш гидроэлектростанциясы" долбоорун ишке ашырууга Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 2,5 миллион доллар бөлгөн.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен кубаттуулугу 4,5 мегаватт болгон чакан ГЭС курулду. Бул тууралуу аталган фонддун башчысы Артём Новиков билдирип, видеосун жарыялаган.
Анын айтымында, ГЭС Тоң районунун электр энергиясына болгон керектөөсүнүн 15 пайызын камсыздайт. "Ала-Баш гидроэлектростанциясы" долбоорун ишке ашырууга РКӨФ 2,5 миллион доллар (жалпы баасы 5 миллион доллардан ашык) бөлгөн.
Объектиге дүйнөдөгү алдыңкы өндүрүүчү Global Hydro (Австрия) фирмасынын гидротурбинасы орнотулган. Новиков заманбап чакан ГЭС кандай иштээрин көрсөтүп берген.
Тоок фабрикасындагы тооктор. Архивдик сүрөт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.12.2023
РКӨФ Ысык-Көлдө эки тоок фабрикасын курууга 9,3 млн. доллар бөлдү
Жаңылыктар түрмөгү
0