Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Кедейбаев: жасалма уруктандырууга көп чыгым талап кылынбайт

© Sputnik / Асель СыдыковаАйыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин мал чарбасына биотехнологияны жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Наралы Кедейбаев
Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин мал чарбасына биотехнологияны жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Наралы Кедейбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Жазылуу
Айыл чарба министрлигине караштуу Жайыт жана асыл тукум мал чарбасы департаментинин мал чарбасына биотехнологияны жайылтуу бөлүмүнүн башчысы Наралы Кедейбаев малды асылдандыруу аракеттери тууралуу айтып берди.
Жасалма уруктандырууга көп чыгым талап кылынбайт, бирок малдын сапаты жакшырат. Бул тууралуу Наралы Кедейбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Кедейбаев: жасалма уруктандырууга көп чыгым талап кылынбайт
Анын айтымында, өлкөдө урук сактоого мүмкүндүк түзгөн суюк азот чыгаруучу эки завод курулган.
"Учурда өлкөдө малдын башы 10 миллиондон ашты. Анын сапатын жакшыртуу, малды асылдандыруу үчүн жасалма уруктандыруу колго алынууда. Бул ыкма элеттеги калктын каржылык абалына туура келет. Ошондой эле бука багуу, кароо сыяктуу чыгымдарды жокко чыгарат. 2014-жылы Түркиядан алынган кредиттин эсебинен өлкө боюнча техник-уруктандыргычтар тийиштүү техника менен камсыздалган. Натыйжада учурда 264 жасалма уруктандыруучу пункт иштеп жатат. Аларга өлкөдө өндүрүлгөн уруктар таратылат. Мындан тышкары, чет өлкөлөрдөн керектүү, талап кылынган уруктарды алып келүүгө мүмкүндүк бар. Анын баары сертификатталган, сапаты жакшы. Бул күмөндүү урук алуу тобокелдигин алдын алат. Натыйжасы акырындан жакшырууда. Алсак, жасалма уруктандырылган жергиликтүү уйлардын сүттүүлүгү бир жылда 10 литрге көбөйдү. Эт багытындагы бодо мал алты айда 400 килограммга чейин кошконуна күбө болуудабыз. Тилекке каршы, жалпы тубар малдын санын алсак, жасалма уруктандыруу 9 пайызын гана түзүүдө", — деди Кедейбаев.
Ошондой эле ал соңку убакта жасалма уруктандырууга фермерлердин кызыгуусу күч алып жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0