Дыйкандар зыян тартууда. Депутат пахта арзандап, көйгөй жаратканын айтты

© Sputnik / Всеволод Тарасевич / Медиабанкка өтүүПахта терүү. Архивдик сүрөт
Пахта терүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2023
Жазылуу
Учурда пахтанын бир килограммы 60 сомдун айланасында сатылууда.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев пахта арзандап кеткенин айтып, өкмөткө кайрылды.
Анын айтымында, дыйкандар түшүм алгандан кийин пайда көрбөй эле чыгымга учурап жатат.
"Кара-Суу районундагы фермерлер менен жолуксам арызданышууда. Негизинен беш-алты пахта заводу бар, анын ээлери бааны көтөрбөй жатат. Дыйкандардын мээнети акталбай калууда. Бир гектар жерге эккен пахтасын азыркыдай 60 сомдун айланасында сата турган болсо 30-40 миң сомго чейин зыян тартат экен. Пайда көрбөй эле артка кетип жатат", — деди Козуев.
Ал министрлер кабинетинен бааны көтөрүү үчүн чара көрүүнү талап кылды.
ККМ аппараттары. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2023
Садыр Жапаров ККМ аппаратынын базарларга киргизилип жаткан себебин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0